БШК Баткен облусунун бир катар айыл өкмөт башчыларын шайлоону дайындады

21 мая 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 21-майындагы жыйналышында Баткен облусунун Баткен районунун Төрт-Гүл жана Дары, Кадамжай районунун Бирлик, Совет, Халмион жана Көтөрмө, ошондой эле Лейлек районунун Лейлек, Катран жана Тогуз-Булак айыл өкмөт башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө токтом кылды:

 

Жергиликтүү өз алдынча

башкаруунун аткаруу

органдарынын аталышы

Мандаттардын

саны

Жергиликтүү

кеңештин төрагасын шайлоо датасы

Кеңештин

шайланган төрагасы

Шайлоо өткөрүү датасы жана убактысы

 

Баткен облусу

Баткен району

 

 

 

 

2

Төрт-Гүл

айыл өкмөтү

21

17.05.2021

Ибраимов

Сайитали

Маккамбаевич

10- июнь 2021
9-00дөн 12-00гө чейин

 

 

 

3

Дары

айыл өкмөтү

21

17.05.2021

Сайкалова

Рахат

Саитбуркановна

10-июнь 2021
15-00дөн 18-00гө чейин

 

 

                     

 

Кадамжай району

 

1

Бирлик

айыл өкмөтү

31

14.05.2021

Каламов

Садыкбек

Узакбаевич

8- июнь 2021
9-00дөн 12-00гө чейин

 

2

Совет

айыл өкмөтү

11

15.05.2021

Коргонбаева

Урматкан

Зулпуновна

9-июнь 2021
15-00дөн 18-00гө чейин

 

3

Халмион

айыл өкмөтү

31

15.05.2021

Кожонов

Замирбек

Ырысбаевич

10-июнь 2021
9-00дөн 12-00гө чейин

 

4

Көтөрмө

айыл өкмөтү

21

15.05.2021

Таабалдиев

Райимбек

Исмаилович

10-июнь 2021
15-00дөн 18-00гө чейин

 

Лейлек району

 

1

Катран

айыл өкмөтү

21

15.05.2021

Борубаев

Сапарали

Жапарович

9-июнь 2021
9-00дөн 12-00гө чейин

 

2

Лейлек

айыл өкмөтү

21

14.05.2021

Мукарамов

Таалайбек

Турабаевич

9-июнь 2021
15-00дөн 18-00гө чейин

 

3

Тогуз-Булак

айыл өкмөтү

21

14.05.2021

Ражапов

Каныбек

Сатыбалдыевич

10- июнь

9-00дөн 12-00гө чейин

 
                     

Чечимдер “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7,14,18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөт башчысын шайлоо тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык кабыл алынды.

Баткен, Кадамжай жана Лейлек аймактык шайлоо комиссияларына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.

 

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү