Чүй облусунун Сокулук районунун 18 айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары аныкталды
29 апреля 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 29-апрелиндеги жыйынында 11-апрелде өткөн Чүй облусунун Сокулук районундагы Асылбаш, Ат-Башы, Военно-Антоновка, Гавриловка, Жаңы-Жер, Джаңы-Пахта, Кызыл-Туу, Күнтуу, Камышановка, Крупская атындагы, Кайназарова атындагы, Орок, Первомай, Саз, Төш-Булак, Фрунзе, Новопавловка жана Төмөнкү-Чүй айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протоколдорду бекитти.
Сокулук аймактык шайлоо комиссиясы 3 күндүн ичинде жергиликтүү кеңештин шайланган депутаттарын каттайт жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырат.
Бул чечим "Кыргыз Республикасынын шайлоолорду жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 6-7-беренелерине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР мыйзамынын 37-38-40-51-59-1, 62-беренелерине ылайык кабыл алынды.
КР БШК Маалымат бөлүмү
