Айдеркен шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары аныкталды
29 апреля 2021
2021-жылдын 11-апрелинде Айдаркен шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.
Айдаркен шаарындагы жалпы шайлоочулардын саны 6216 болсо, анын 1804 шайлоочусу шайлоого катышкан, бул29,02%ды түзөт.
Айдаркен шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн Айдаркен шаарынын аймагында 4 шайлоо участкасы жана бир аймактык шайлоо комиссиясы түзүлгөн.
2021-жылы 11-мартта Айдаркен аймактык шайлоо комиссиясынын чечимдери менен 8 саясий партиянын тизмесинде 276 талапкер катталган (алардын ичинен: 180 эркек, 96 аял).
2021-жылы 14-апрелде Айдаркен аймактык шайлоо комиссиясы Айдаркен шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктарын аныктады.
Айдаркен шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протоколдун негизинде төмөнкүлөр аныкталды:
Айдаркен шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо 7% тоскоолдуктан өтүп, катталган 8 партиянын ичинен 7 партия өттү:
1. «Ынтымак» - 20,2%
2. «Ата-Журт» - 14,3%
3. «Ата-Журт Кыргызстан» - 13,2%
4. «Замандаш» - 13,1%
5. «Жаны-Доор» - 12,1%
6. «Онугуу-Прогресс» - 9,8%
7. «Бутун Кыргызстан» - 8,6% 8партиянын ичинен 7 партия өттү:
Айдаркен шаардык кеңешин шайлоонун алдын ала жыйынтыктары боюнча саясий партиялардын ортосундагы мандаттар төмөндөгүдөй бөлүштүрүлдү:
1. «Ынтымак» - 5 мандат;
2. «Ата-Журт» - 3 мандат;
3. «Ата-Журт Кыргызстан» - 3 мандат;
4. «Замандаш» - 3 мандат;
5. «Жаны-Доор» - 3 мандат;
6. «Онугуу-Прогресс» - 2 мандат;
7. «Бутун Кыргызстан» - 2 мандат.
"Кыргыз Республикасынын шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 24-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын БШКсы тийешелүү аймактагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктайт жана жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыялоону жүзөгө ашырат.
КР БШК Маалымат бөлүмү
