Нарын облусунун Ак- Талаа районунун 12 айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжалары аныкталды

26 апреля 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 26-апрелиндеги жыйналышында 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Ак-Чий, Ак-Талаа, Баетов, Жерге-Тал, Жаңы-Талап, Кош-Дөбө, Коңорчок, Кара-Бургөн, Көк-Жар, Кызыл-Белес, Үгүт жана Терек айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Манас аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдорун бекитти.

Нарын аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган депутаттарды каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшыруу жүктөлдү.

Чечим “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелерине,  “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 40,51,62-беренелерине ылайык кабыл алынды.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү