Чүй облусунун Жайыл районунун 11 айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжалары аныкталды

26 апреля 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 26-апрелиндеги жыйналышында 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Чүй облусунун Жайыл  районунун Полтавка, Ат-Башат, Красновосточный, Сары-Коо, Кара-Суу, Степ, Жайыл, Сосновка, Сары-Булак, Талды-Булак жана Суусамыр айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдорун бекитти.

Жайыл аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган депутаттарды каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшыруу жүктөлдү. 

Чечим “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелерине,  “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 40,51,62-беренелерине ылайык кабыл алынды.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү