БШК Жогорку Кеңештин депутатынын бош калган мандатын Бакиров Мамасадык Сабировичке тапшырды

26 апреля 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, Жогорку Кеңештин депутатынын бош мандатына байланыштуу, Бакиров Мамасадык Сабировичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты деп таануу жөнүндө чечим кабыл алды.

КР БШКнын жарлыгы менен Бакиров Мамасадык Сабирович Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп катталып, ага белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилди. 

Чечим "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 21-беренесинин 11-бөлүгүнө, 65-беренесинин 3, 4-1-бөлүктөрүнө, "Кыргыз Республикасынын шайлоолорун жана референдумдарын өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 7, 18-беренелерине ылайык кабыл алынды. 

КР  БШК Маалымат бөлүмү