БШК КР ЖК  депутаты Бакчиев Жаныбектин  ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

26 апреля 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 26-апрелиндеги жыйынында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Бакчиев Джаныбек Абдукапаровичтин "Бир Бол" парламенттик фракциясынан ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.

Кыргыз Республикасынын БШКсы "Бир Бол" парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө келип түшкөн жеке арызынын негизинде, КР Конституциясынын 73-беренесинин 1-бөлүгүнө,  "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР конституциялык мыйзамынын 65-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна, "Кыргыз Республикасыныны Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" КР мыйзамынын 3-беренесинин 2-бөлүгүнө, 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык  ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө чечим кабыл алды.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Бакчиев Джаныбек Абдукапаровичтин күбөлүгү жараксыз деп табылды.

КР БШК Маалыматтык бөлүмү