Орловка шаардык кеңештин депутаттарын шайлоонун натыйжалары аныкталды

23 апреля 2021

2021-жылдын 11-апрелинде Орловка шаардык кеңештин депутаттарын шайлоо болуп өттү.

Орловка шаарындагы шайлоочулардын саны 5520 адамды түзөт, алардын 1959у шайлоого катышты, бул 35,49%ды түзөт.

Орловка шаардык кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн Орловка шаарынын аймагында 4 шайлоо участогу жана бир аймактык шайлоо комиссиясы түзүлдү.

2021-жылдын 11-мартында Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын чечими менен 5 саясий партиянын талапкерлеринин тизмелери катталды (бардыгы – 181 талапкер, анын ичинде 108 – эркек, 73 – аял).

2021-жылдын 15-апрелинде Кемин аймактык шайлоо комиссиясы Орловка шаардык кеңештин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктады.

Орловка шаардык кеңештин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдун негизинде төмөнкүлөр аныкталды:

Орловка шаардык кеңештин депутаттарын шайлоодо катталган 5 саясий партиянын баары 7%дык тоскоолдуктан өттү:

  1. «Патриот Ынтымагы» – 40.17% ;
  2. «Социал-демократтар» – 19.65% ;
  3. «Замандаш» – 15.06%;
  4. «Тынчтык» – 13.53%;
  5. «Эмгек» – 8.32%.

Орловка шаардык кеңештин депутаттарын шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча мандаттар саясий партиялардын ортосунда төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:

  1. «Патриот Ынтымагы» – 9 мандат;
  2. «Социал-демократтар» – 4 мандат;
  3. «Замандаш» – 3 мандат;
  4. «Тынчтык» –3 мандат;
  5. «Эмгек» – 2 мандат.

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 24-пунктуна ылайык КР БШК тийиштүү аймактын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктайт жана аларды жалпыга маалымдоо каражаттарына расмий жарыялоону жүзөгө ашырат.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү