2021-жылдын 11-апрелине дайындалган референдумда "макул", "каршы" үгүт топторунун 2021-жылдын 9-апрелине карата референдум фонддорунан акча каражаттарынын келип түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат

11 апреля 2021

«Кыргыз Республикасынын референдум жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 43-беренесинин 10-пунктуна ылайык банк же башка мекемелер “макул” же “каршы” демилгечи топтун атайын эсебинде турган каражаттардын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясына жума сайын маалымат берип турууга милдеттүү. Ал маалымат келип түшкөнүнө жараша жеке маалыматтар жана банк сыры жөнүндө мыйзамдарды эске алуу менен Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына милдеттүү түрдө жайгаштырылууга тийиш.

КР БШКнын контролдук-текшерүү тобу 2021-жылдын 9-апрелине карата 15  “макул” жана “каршы” үгүт топтордун ичинен 15-и БШК тарабынан белгиленген эки банк мекемеси – “РСК Банк” ААКда жана “Айыл Банк” ААКда атайын эсептерин ачып, референдум фондуларын  түзгөнүн билдирет.

КР БШКнын контролдук-текшерүү тобу 2021-жылдын 9-апрелине банк маалыматтарынын негизинде 2 “макул”, “каршы” үгүт топтун фондуларына каражаттардын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат берди.

№ п/п

"макул", "каршы" үгүт топторунун аталышы

Келип түштү

Чыгымдалды

1

"МАКУЛ" №11 үгүт тобу

7 267 150

7 267 150

2

"МАКУЛ" №12 үгүт тобу

100

0

Бардыгы:

7 267 250

7 267 150

Толугураак маалымат шилтеме аркылуу 

КР БШКнын контролдук-текшерүү тобу