БШК Конституция долбоорун Брайль ариби менен басып чыгарды
09 апреля 2021
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулардын (ДМЧШ) шайлоо укуктарын камсыздоо алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун Бишкек шаарындагы Программалык кеңсесинин колдоосу алдында Кыргыз Республикасынын Конституциясынын долбоорун өткөөл жоболор менен Брайль арибинде басып чыгарды.
Бардык нускалар ДМЧ адамдар менен иштеген уюмдардын арасында таратылды.
КР БШК ДМЧ адамдардын шайлоо укуктарын камсыздоо жана алардын коомдогу саясий турмушка катышуусун кеңейтүү боюнча дайыма бардык зарыл чараларды көрүүдө. ДМЧ шайлоочуларга атайын форматта маалымдоо үзгүлтүксүз ишке ашырылып турат. 2015-жылдан тартып бюллетендер Брайль ариби менен басып чыгарылып келатат.
Мындан тышкары, 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган референдумду даярдоо жана өткөрүү мезгилинде референдумдун катышуучуларын маалыматтык жактан камсыздоо максатында КР БШК Кыргыз Республикасынын Конституциясынын долбоорун «Эркин Тоо» газетасына 1 100 000 нускадагы тираж менен жарыялады.
«Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун электрондук варианты Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтында «БШК билдирет» бөлүгүндө – https://shailoo.gov.kg/ru/faq// жарыяланды.





КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
