БШК 8 аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизди

06 апреля 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 6-апрелиндеги жыйналышында төмөнкү аймактык шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом кылды:

Ош облусунун Алай аймактык шайлоо комиссиясы:

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Пазылова Рысгүл Кенжебаевна комиссиянын курамынан чыгарылсын;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Арынбек уулу Элеман резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

Ош облусунун Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясы:

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Самидинов Кадырбек, Бакиров Руслан Арзибаевич, Ашырмаматов Нурмухаммед Нурбекович, Жалалов Калмамат Мамытбекович комиссиянын курамынан чыгарылсын;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Токтогулов Жоодар Мураталиевич, Жабагыев Эдик Маматибраимович, Эсенбаева Миргүл Эсенбаевна, Кумарбеков Мыктыбек Мусабаевич резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

Ош облусунун Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясы:

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Токушова Нургүл Жолчубаевна, Макконбаева Зуура Далибаевна, Хасанова Сүйүмкан Бекмуратовна комиссиянын курамынан чыгарылсын;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Ормонбекова Патма Жакшыбайевна, Капарова Нуржамал, Темиров Мирбек Алипбекович резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

Ош облусунун Ноокат аймактык шайлоо комиссиясы:

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Шамсутдинов Шухратилла Махаммадалиевич комиссиянын курамынан чыгарылсын;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Саттарова Разия Мамажакыповна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

Нарын облусунун Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясы:

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Сабитакунов Космос, Ажыбаев Талантбек Темирбекович комиссиянын курамынан чыгарылсын;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Чекирова Динаркүл Мажитовна, Жылкычыманова Кенжегүл Асанкуловна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

Нарын облусунун Нарын аймактык шайлоо комиссиясы:

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Орозалы уулу Азамат комиссиянын курамынан чыгарылсын;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Кырбашев Шаршенди резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

Нарын облусунун Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясы:

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Нуралиев Азизбек Кубанычбекович, Данияров Төрөгелди Токтогонович, Сейталиев Маратбек Басылбекович, Курманбек уулу Кубанычбек комиссиянын курамынан чыгарылсын;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Урматова Жанара Мирланбековна, Медерова Жумабүбү, Надыршаев Нурадил Надыршаевич, Кадыров Дастан Азаматович резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясы:

- «Кыргызстан» саясий партиясынан Тыналиев Болотбек Балыкович, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Маданова Махабат Оболбековна, Ишенбекова Азиза Бактыбековна, Калиев Асылбек Акылбекович, Атаев Акжол Сабырбекович, Тологонов Курманбек Тилекович, Шаршенбаев Мирбек Шаршенбаевич комиссиянын курамынан чыгарылсын;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Сакеев Жолдош, Табышева Саламат Орозбековна, Курманбаев Эмил Бекенович, Кыдыманов Өмүрбек Дүйшеналиевич, Касымалиев Канатбек Акенович, Самарова Айзада Насбековна, Тюлегенов Турат Бектурович резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

Чечим Алай, Кара-Кулжа, Өзгөн, Ноокат, Ат-Башы, Нарын, Нарын шаардык жана Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн шайлоо комиссияларынын курамынан жана резервинен чыгаруу жөнүндө арыздарынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комисиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18, 19-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы №176 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобого ылайык кабыл алынды.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү