Бакыян айыл өкмөтүнүн башчысы шайланды
06 апреля 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 6-апрелиндеги жыйналышында 2021-жылдын 31-мартында болуп өткөн Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакыян айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 31-мартындагы протоколдорун бекитүү жана шайлоо Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакыян айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо болуп өттү деп таануу токтомун кабыл алды.
2021-жылы 31-мартта КР БШКнын 2021-жылдын 16-мартындагы №70 токтому менен дайындалган Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакыян айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо болуп өттү. Бакыян айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна жергиликтүү кеңештин депутаттары көрсөткөн 1 талапкер – Абылгазиев Мирлан Молдалиевич катталган.
Добуш берүүгө Бакыян айылдык кеңешинин бардык 11 депутаты катышкан. Добуш берүүдө М.М. Абылгазиев 11 добуш алган.
Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакыян айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжасы боюнча арыз, даттануулар түшкөн эмес.
Бакыян айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 31-мартындагы протоколдорунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо тартиби” жөнүндө жобого ылайык БШК Абылгазиев Мирлан Молдалиевичти Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакыян айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп таануу чечимин кабыл алды.
