Шайлоочулардын тизмелери
Шайлоочулардын тизмелери
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 2-июлу № 68
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө»
14-берене. Шайлоочулардын тизмелерин түзүү
1. Шайлоочулардын укуктарын ишке ашыруу, шайлоочуларды өздөрү жөнүндө маалыматтар менен тааныштыруу, ошондой эле добуш берүүнү өткөрүү максатында ар бир шайлоо участогу боюнча шайлоочулардын тизмеси түзүлөт.
2. Бирдиктүү шайлоо округу боюнча Президентти шайлоолордо шайлоочулардын тизмесине добуш берүү күнү активдүү шайлоо укугуна ээ жана мыйзамдарга ылайык биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын жарандары киргизилет.
Көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берүү күнүнө активдүү шайлоо укугуна ээ, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү болуп саналган жана биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын жарандары шайлоочулардын тизмесине киргизилет.
Шайлоону даярдоо мезгилинде Борбордук шайлоо комиссиясынын жана калкты каттоо жана документтештирүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) чечими боюнча жарандарды биометрикалык каттоо, анын ичинде, Кыргыз Республикасынын аэропортторунун, темир жол бекеттеринин аймагында да жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
3. Шайлоочулардын тизмесин түзүү Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринде камтылган жекече (анын ичинде биометрикалык) маалыматтардын негизинде, шайлоо участокторунун чектерин эске алуу менен жүргүзүлөт.
Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестрин түзүүнү, сактоону жана актуалдаштырууну ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүзөгө ашырат.
4. Шайлоочулардын алдын ала тизмеси курагы 18 жашка жеткен, биометрикалык маалыматтарын тапшырган жарандар жөнүндө маалыматтарды Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринен автоматтык жүктөп алуу жолу менен жана шайлоо участокторунун чегин эске алуу менен түзүлөт.
Шайлоочулардын алдын ала тизмеси добуш берүү күнүнө чейин 80 календардык күн калганда шайлоочулардын мамлекеттик порталында участоктор, райондор жана шаарлар боюнча, шайлоочунун туруктуу жашаган жери, туулган күнү жөнүндө маалыматтарысыз, таанышуу жана көрсөтүлгөн маалыматтарды тиешелүү түрдө тактоо, тизмедеги каталарды жана так эместиктерди аныктоо үчүн жайгаштырылат.
5. Добуш берүү күнү стационардык дарылоо-алдын алуу мекемелеринде, шектүүлөр жана айыптуулар катары кайтарууда кармоочу жайларда, иш цикли үзгүлтүксүз ишканаларда (вахталык иштерде) болгон шайлоочулар, мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчылары, аскер бөлүктөрүндө жашаган аскер кызматчылары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү жана башка адамдар жөнүндө маалыматтар аталган мекемелердин (ишканалардын, аскер бөлүктөрүнүн) жетекчилери тарабынан түзүлөт жана добуш берүү күнүнө чейин 12 календардык күндөн кечиктирбестен тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына өткөрүп берилет.
Стационардык дарылоо-алдын алуу мекемелеринде, шектүүлөр жана айыптуулар катары кайтарууда кармоочу жайларда жүрүшкөн шайлоочуларды, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочуларды эсепке алуу үчүн, жогоруда көрсөтүлгөн мекемелер карамагында турган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, ошондой эле социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган ар бир жылдын 1-февралына жана 1-августуна карата көрсөтүлгөн шайлоочулардын анык саны жөнүндө маалыматты Борбордук шайлоо комиссиясына берип турууга милдеттүү.
6. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган жана жүргөн, консулдук (убактылуу консулдук) эсепке турган жана биометрикалык каттоодон өткөн шайлоочулар жөнүндө маалыматтар тиешелүү дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин жетекчилери тарабынан түзүлүп, тышкы иштер маселелерин тейлеген мамлекеттик орган аркылуу Борбордук шайлоо комиссиясына добуш берүү күнүнө чейин 85 календардык күндөн кечиктирбестен өткөрүп берилет.
Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган же жүргөн, консулдук (убактылуу консулдук) каттоого турган шайлоочулар жөнүндө маалыматтарды берүүнүн формасын, түрүн жана тартибин тышкы иштер маселелерин тейлеген мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы аныктайт.
(Абзац КР 2025-жылдын 9-июнундагы № 113 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
7. Шайлоочулардын мамлекеттик порталында жайгаштырылган жана ар бир шайлоо участогу боюнча түзүлгөн алдын ала тизме Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан басып чыгарылат жана добуш берүү күнүнө чейин 75 календардык күндүн ичинде участкалык шайлоо комиссияларына өткөрүп берилет.
(КР 2019-жылдын 8-августундагы № 116, 2020-жылдын 11-ноябрындагы № 2, 2021-жылдын 26-августундагы № 103, 2025-жылдын 9-июнундагы № 113 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
15-берене. Шайлоочулардын тизмелери менен таанышуу, так эместиктерди оңдоо. Шайлоо дареги
1. Участкалык шайлоо комиссиясы тиешелүү шайлоо участогунун аймагында жашап жаткан шайлоочулардын таанышып чыгуусу үчүн шайлоочулардын алдын ала тизмесин добуш берүү күнүнө чейин 70 календардык күндүн ичинде илүүгө милдеттүү.
2. Шайлоочу шайлоочулардын алдын апа тизмесинде кандай болбосун катаны же так эместикти тапкан, ошондой эле анда өзү жок болгон учурда тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына добуш берүү күнүнө чейин 15 календардык күндөн кечиктирбестен кайрылууга жана мыйзамдарда белгиленген тартипте авторлошуудан өтүү менен мамлекеттик порталдагы "шайлоочунун кабинети" сервиси аркылуу электрондук түрдө арыз берүүгө укуктуу. Мында шайлоочу жеке жана биометрикалык маалыматтары (манжаларынын издери жана (же) бетинин геометриясы) боюнча идентификациялоодон өтөт.
Арыз автоматтык түрдө Борбордук шайлоо комиссиясынын тиешелүү округдук, аймактык шайлоо комиссиясындагы тутумдук администраторуна аны тизмеге киргизүү, каталарды же так эместиктерди оңдоо боюнча тиешелүү чараларды көрүү үчүн келип түшөт.
Шайлоочунун арызына жооп арыз кабыл алынган күндөн тартып 7 календардык күндөн кечиктирбестен, тиешелүү шайлоо комиссиясы тарабынан "шайлоочунун кабинетинде" электрондук билдирүү формасында жөнөтүлөт.
3. КР 2025-жылдын 9-июнундагы № 113 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4. Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүү күнүнө чейин 35 календардык күндөн кечиктирбестен шайлоочулар жөнүндө актуалдашкан маалыматты камтыган шайлоочулардын контролдук тизмесин түзөт жана участкалык шайлоо комиссияларына жиберет.
Участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүүгө чейин 30 календардык күн калганда шайлоочулардын таанышып чыгуусу үчүн шайлоочулардын контролдук тизмесин илүүгө милдеттүү.
Контролдук тизмеде тиешелүү участок боюнча тизмелерге киргизилген шайлоочулардын фамилиясынан, атынан, атасынын атынан, ошондой эле шайлоо участогунун номеринен башка маалыматтарды камтыбоого тийиш.
5. Шайлоочулардын тизмесине кирбей калгандыгы жөнүндө, андагы каталар же так эместиктер жөнүндө, шайлоо дареги боюнча добуш берүүгө ниеттенгендиги жөнүндө шайлоочулардын арыздарын кабыл алуу добуш берүү күнүнө чейин 15 календардык күн калганда токтотулат. Арыздарды иштеп чыккандан кийин Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочулардын биротоло тизмесин түзөт. Мында шайлоочулардын контролдук жана биротоло тизмелери Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестриндеги маалыматтар менен милдеттүү түрдө салыштырылууга жана актуалдаштырылууга тийиш.
Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүү күнүнө чейин 10 күн калганда жабдуу комплекттерин даярдоо үчүн шайлоочулардын электрондук түрдөгү биротоло тизмесин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өткөрүп берет.
Шайлоочулардын биротоло тизмесин алгандан кийин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан биометрикалык маалымат базасы бар шайлоочулардын тизмесин жүктөө менен шайлоочуларды идентификациялоо боюнча жабдуунун сервердик комплекттерин даярдоо боюнча иштер жүргүзүлөт жана жабдуу комплекттерин шайлоо участокторуна жеткирүү үчүн шайлоо күнүнө чейин 3 календардык күндөн кечиктирбестен Борбордук шайлоо комиссиясына өткөрүлүп берилет.
Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүү күнүнө чейин 7 календардык күн калганда номерленген, көктөлгөн, Борбордук шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн шайлоочулардын биротоло тизмелерин эки нускада басып чыгарат жана тиешелүү участкалык шайлоо комиссияларына өткөрүп берет. Мында илүү үчүн арналган, ар бир шайлоо участогу боюнча биротоло тизменин кагаз жүзүндөгү нускасы биротоло тизмеге киргизилген шайлоочулардын жашаган жери жөнүндө маалыматты камтыбашы керек. Шайлоочулардын биротоло тизмелеринде камтылган жеке маалыматтары бар маалыматтарды берүү, көчүрүү, жарыялоо жолу менен ачыкка чыгаруу мыйзамдарда каралган жоопкерчиликке алып келет.
Тиешелүү участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүү күнүнө чейин 7 календардык күндөн кечиктирбестен тиешелүү шайлоо участогунун шайлоочуларынын биротоло тизмесинин кагаздагы экинчи нускасын шайлоо участогуна илүүгө милдеттүү.
Шайлоочулардын илинген биротоло тизмелерин шайлоочу же байкоочу тарабынан фото-, көрмө тартууларга чектөө коюлбайт.
6. Добуш берүү күнү шайлоочулардын тизмесине киргизилген жарандар гана добуш берүүгө укуктуу.
7. Шайлоочулардын тизмелерин актуалдаштырууну Борбордук шайлоо комиссиясы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен өз ара аракеттенүү аркылуу, Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестриндеги маалыматтардын тактыгын камсыз кылуу максатында жүзөгө ашырат.
Өз ара аракеттенүү мыйзамдарда бекитилген ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасын колдонуу менен да жүзөгө ашырылат.
Шайлоочулардын тизмелерин түзүү, таанышып чыгуу, шайлоочулардын тизмесине кирбей калгандыгы жөнүндө, каталар же так эместиктер жөнүндө, шайлоо дареги боюнча добуш берүүнү каалагандыгы жөнүндө шайлоочулардын арыздарын карап чыгуу, добуш берүү күнү шайлоочуларды идентификациялоо, Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестриндеги жана шайлоочулардын мамлекеттик порталындагы маалыматтарды салыштырып текшерүү жана синхрондоштуруу жөнүндө маселелер боюнча, ошондой эле ыкчам чечүүнү талап кылган башка маселелер боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен өз ара аракеттенүүсүнүн тартибин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу аркылуу Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилет.
(КР 2019-жылдын 8-августундагы № 116, 2020-жылдын 11-ноябрындагы № 2, 2025-жылдын 9-июнундагы № 113 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
16-берене. Шайлоочуларды мамлекеттик эсепке алуу
1. Шайлоочуларды мамлекеттик эсепке алуу курагы 18 жашка жеткен, биометрикалык маалыматтарын тапшырган жарандар жөнүндө маалыматтарды мамлекеттик порталга автоматтык жайгаштыруу жолу аркылуу, Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринин негизинде Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жүзөгө ашырылат.
Шайлоолор аралыгындагы мезгилде шайлоочулардын тизмеси мамлекеттик порталда ай сайын жаңыланып турат, шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде күн сайын жаңыланат жана мамлекеттик порталда жайгаштырылат.
2. Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестрин түзүүнүн жана пайдалануунун тартиби мыйзамдар менен жөнгө салынат.
(КР 2015-жылдын 23-апрелиндеги № 88, 2019-жылдын 8-августундагы № 116 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ
2016-жылдын 31-октябры № 173
«Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө»
22-берене. Референдумдун катышуучуларынын тизмелерин түзүү. Референдумдун катышуучуларынын тизмеси менен таанышуу
1. Референдумдун катышуучуларынын укуктарын ишке ашыруу, аларды тактоо, аларды өздөрү жөнүндө маалыматтар менен тааныштыруу, ошондой эле добуш берүүнү өткөрүү максаттарында ар бир участка боюнча референдумга катышууга укуктуу жарандардын тизмелери (референдумдун катышуучуларынын тизмелери) түзүлөт.
2. Референдумдун катышуучуларынын тизмелерин түзүү, алар менен таанышуу тартиби жана шарттары Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 14-июлу N 98
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө»
12-берене. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого шайлоочулардын тизмелери
1. Эгерде ушул Мыйзамда башкача каралбаса, шайлоочулардын тизмесин түзүү "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат. Шайлоочулардын тизмесине добуш берүү күнүнө карата активдүү шайлоо укугуна ээ болгон, жергиликтүү жамааттын мүчөсү болуп саналган жана "Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын бардык жарандары киргизилет.
2. Шайлоочулардын алдын ала тизмеси Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринен 18 жаш курагына толгон, биометрикалык маалыматтарды тапшырган жарандар жөнүндө маалыматтарды автоматтык түрдө жүктөп алуу аркылуу шайлоо участокторунун чек араларын эске алуу менен түзүлөт. Шайлоочулардын алдын ала тизмеси мамлекеттик порталда участкалар, райондор жана шаарлар боюнча добуш берүү күнүнө чейин 55 календардык күн калганда шайлоочунун туруктуу же болбосо иш жүзүндө жашаган жери, туулган датасы жөнүндө маалымат бербестен, таанышуу жана аталган маалыматтарды, тизмедеги каталарды жана так эместиктерди аныктоо үчүн жайгаштырылат.
Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестрин түзүү, сактоо жана актуалдаштыруу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
Шайлоочулардын тизмесин түзүүдө жана актуалдаштырууда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мыйзамдарга ылайык электрондук кол тамга менен тастыкталган маалыматтарды шайлоо комиссиясына ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу өткөрүп берет.
2-1. Добуш берүү күнүндө стационардык дарылоо-алдын алуу мекемелеринде, шектүүлөр жана айыпталуучулар катары камакта кармоо жайларда, үзгүлтүксүз иштөө циклиндеги ишканаларда (вахта жумуштарында) жүргөн шайлоочулар, мөөнөттүү кызмат өтөгөн аскер кызматчылары, аскер кызматчылары жана алардын аскер бөлүктөрүндө жашаган үй-бүлө мүчөлөрү жана башка адамдар жөнүндө маалыматтар көрсөтүлгөн мекемелердин (ишканалардын, аскер бөлүктөрүнүн) жетекчилери тарабынан түзүлөт жана добуш берүү күнүнө чейин 12 календардык күндөн кечиктирбестен тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына өткөрүлүп берилет.
Стационардык дарылоо-алдын алуу мекемелеринде, шектүүлөр жана айыпталуучулар катары камакта кармоо жайларында жүргөн шайлоочуларды жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочуларды эсепке алуу үчүн карамагында жогоруда көрсөтүлгөн мекемелер болгон ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, ошондой эле социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган ар бир жылдын 1-февралына жана 1-августуна карата абалы боюнча көрсөтүлгөн шайлоочулардын иш жүзүндөгү саны жөнүндө маалыматты Борбордук шайлоо комиссиясына берүүгө милдеттүү.
3. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочулардын тизмесин түзүүдө "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык түзүлгөн шайлоочулардын тизмесинен ушул Мыйзамдын 3-беренесинин 7-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдарды чыгарып салат.
4. Мамлекеттик порталда жайгаштырылган жана ар бир шайлоо участогу боюнча түзүлгөн алдын ала тизме Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан басып чыгарылат жана добуш берүү күнүнө чейин 50 календардык күн калганда участоктук шайлоо комиссиясына берилет.
5. Мамлекеттик порталга жайгаштырылган шайлоочулардын тизмеси маалыматтын келип түшүүсүнө жараша дайыма жаңыланып турууга тийиш.
(КР 2016-жылдын 21-январындагы № 8, 2019-жылдын 8-августундагы № 117, 2024-жылдын 2-августундагы № 158, 2024-жылдын 30-сентябрындагы № 167 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
13-берене. Шайлоочулардын тизмеси менен таанышуу
1. Участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүү күнүнө чейин 50 календардык күн калганда тиешелүү шайлоо участогунун аймагында жашаган шайлоочулардын таанышып чыгуусу үчүн шайлоочулардын алдын ала тизмесин илүүгө милдеттүү.
2. Ар бир шайлоочу кандай гана болбосун ката же так эместикти тапкан учурда, ошондой эле ал шайлоочулардын алдын ала тизмесинде жок болсо, добуш берүү күнүнө чейин 15 календардык күндөн кечиктирбестен ырастоочу документтердин көчүрмөсүн тиркеп, арыз менен тиешелүү участоктук шайлоо комиссиясына кайрылууга укуктуу, бул учурда шайлоочу биометрикалык идентификациядан өтөт.
Шайлоочудан белгиленген формадагы арызды алганда участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү арызда толтурулган маалыматтардын тууралыгын жана көрсөтүлгөн маалыматтардын паспорттук маалыматтар менен шайкештигин текшергенден кийин, ошондой эле идентификациядан өткөн шартта шайлоочуга арыздын төмөн бөлүгүндө жайгашкан арызды иштеп чыгуунун статусун тактоо боюнча маалыматы бар айрып алма талонду берет.
Тизмеге киргизүү, каталарды же так эместиктерди оңдоо боюнча тиешелүү чараларды кабыл алуу үчүн көрсөтүлгөн арызды участкалык шайлоо комиссиясы Борбордук шайлоо комиссиясынын тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясындагы системалык администраторуна токтоосуз өткөрүп берет.
Шайлоочу мыйзамдарда белгиленген тартипте авторлоштуруудан өтүп, мамлекеттик порталдагы "шайлоочунун кабинети" деген сервис аркылуу электрондук түрдө да арыз берүүгө укуктуу.
Шайлоочунун бул арызына жооп арызды берүүдө шайлоочу көрсөткөн дарек боюнча кагаз жүзүндө же электрондук билдирүү түрүндө тиешелүү шайлоо комиссиясы тарабынан 7 календардык күндөн кечиктирбестен жиберилет.
3. Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүү күнүнө чейин 35 календардык күндөн кечиктирбестен шайлоочулар жөнүндө актуалдаштырылган маалыматты камтыган шайлоочулардын контролдук тизмесин түзөт жана участкалык шайлоо комиссиясына жиберет.
Участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүү күнүнө чейин 30 календардык күн калганда шайлоочулардын таанышып чыгуусу үчүн шайлоочулардын контролдук тизмесин илүүгө милдеттүү.
Контролдук тизмеде тиешелүү участок боюнча тизмеге кирген шайлоочулардын фамилиясынан, атынан, атасынын атынан, ошондой эле шайлоо участогунун номеринен башка маалыматтар камтылбашы керек.
Көрсөтүлгөн тизме мамлекеттин порталында жайгаштырылат.
4. Шайлоочулардын тизмесиндеги каталар жана так эместиктер жөнүндө шайлоочулардын арыздарын кабыл алуу добуш берүү күнүнө 15 календардык күн калганда токтотулат. Арыздарды иштеп чыккандан кийин Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочулардын биротоло тизмесин түзөт. Мында шайлоочулардын контролдук жана акыркы тизмелери Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестриндеги маалыматтар менен милдеттүү түрдө текшерилүүгө жана актуалдаштырылууга тийиш.
Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүү күнүнө чейин 10 күн калганда ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жабдуулардын комплекттерин даярдоо үчүн электрондук түрдөгү шайлоочулардын акыркы тизмесин берет.
Шайлоочулардын акыркы тизмеси алынгандан кийин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган биометрикалык маалыматтар базасы менен шайлоочулардын тизмесин жүктөө аркылуу шайлоочуларды идентификациялоо боюнча жабдуулардын сервердик комплекттерин даярдоо боюнча иштерди жүргүзөт, шайлоо участокторуна жабдуулардын комплекттерин жеткирүү үчүн шайлоо күнүнө чейин 3 календардык күндөн кечиктирбестен Борбордук шайлоо комиссиясына берет.
Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүү күнүнө чейин 5 календардык күн калганда шайлоочулардын акыркы тизмесин басып чыгарып, аларды эки нускада номерлеп, боолоп жана Борбордук шайлоо комиссиясынын мөөрү менен ырастап тиешелүү участкалык шайлоо комиссияларына жиберет. Мында илүү үчүн дайындалган ар бир шайлоо участогу боюнча акыркы тизменин кагаз түрүндөгү экинчи нускасында акыркы тизмеге киргизилген шайлоочулардын жашаган жери жөнүндө маалымат камтылбашы керек. Шайлоочулардын акыркы тизмесинде камтылган жеке маалыматтарды берүү, көчүрүү, жарыялоо жолу менен ачыкка чыгаруу мыйзамдарда каралган жоопкерчиликти тартууга алып келет.
Тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күндөн кечиктирбестен тиешелүү шайлоо участогунда шайлоочуларынын акыркы тизмесинин кагаз түрүндөгү экинчи нускасын шайлоо участогунда илүүгө милдеттүү.
5. Добуш берүү күнү шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочулар гана добуш берүүгө укуктуу.
6. Шайлоочулардын тизмесин актуалдаштырууну Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестриндеги маалыматтардын тактыгын жана актуалдашуусун камсыз кылуу максатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен өз ара аракеттенүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы жүзөгө ашырат.
Борбордук шайлоо комиссиясы менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын шайлоочулардын тизмелерин түзүү, таанышуу, алардын шайлоочулардын тизмесинде жок экендиги жөнүндө, анда ката же так эместик тууралуу, арыздарын кароо боюнча, шайлоо дареги боюнча добуш берүү ниеттери тууралуу, добуш берүү күнү шайлоочуларды идентификациялоо жөнүндө маселелер боюнча, Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестриндеги жана мамлекеттик порталдагы маалыматтарды салыштырып текшерүү жана актуалдаштыруу, ошондой эле ыкчам чечүүнү талап кылган башка маселелер боюнча өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу аркылуу Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилет.
Өз ара аракеттенүү ошондой эле мыйзамдарда бекитилген электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасын колдонуу менен жүзөгө ашырылат.
(КР 2019-жылдын 8-августундагы № 117 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
