29.11.2025 №1509 № 30 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер  У.Б. Бакасовдун ыйгарым укуктуу өкүлү У.М. Дербишевдин арызы жөнүндө

30 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер  У.Б. Бакасовдун ыйгарым укуктуу өкүлү У.М. Дербишевдин арызы жөнүндө

 

2025-жылдын 26-ноябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына № 30 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Бакасов Улан Болотбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлү У.М. Дербишевдин Айдекова Жаз-Айым Айдарбековна талапкердин ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген маалыматтарды камтыган жарыялоолорду тараткандыгы жөнүндө арыз келип түшкөн.

“Facebook” социалдык тармагындагы “Нарын Лайф” аттуу колдонуучунун баракчасында (https://www. facebook. com/profile.php?id= 61580022603701) жарыяланган фото жана видеоматериалдарга ылайык Ж.А. Айдекова талапкер У.Б. Бакасовдун ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген маалыматты тараткандыгы аныкталган.

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 47-беренесине ылайык талапкерлердин ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген жалган маалыматтарды атайылап жайылткан адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазык же болбосо башка жоопкерчиликке тартылат.

Шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымат берүү жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун (мындан ары – Жумушчу топ) 2025-жылдын 28-ноябрындагы № 58 чечими менен Айдекова Жаз-Айым Айдарбековнага карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 66-беренесинде каралган 125 эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү административдик айып пул түрүндө жоопкерчилик чарасын колдонуу сунушталган.

“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 37 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 47-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 66, 451, 455-беренелерине ылайык, Жумушчу топтун 2025-жылдын 28-ноябрындагы № 58 чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыйгарым укуктуу кызмат адамына Айдекова Жаз-Айым Айдарбековнага административдик укук бузуу жөнүндө протокол түзүп, 125 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салуу милдети жүктөлсүн.

2. Айдекова Жаз-Айым Айдарбековна Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул чечимге даттануу тартиби жөнүндө кабарландырылсын.

3. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, Шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымат берүү жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун жетекчиси А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                                                  Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 29 -ноябры

№ 1509