20.11.2025 №1364 Жаран Кадыракунов Адилет Кубанычбековичтин шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы жөнүндө
Жаран Кадыракунов Адилет Кубанычбековичтин шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы жөнүндө
Шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымат берүү жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топ (мындан ары – Жумушчу топ) 2025-жылдын 19-ноябрындагы отурумда социалдык тармактарга байкоо жүргүзүүнүн жүрүшүндө алынган материалдардын “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында (мындан ары – конституциялык Мыйзам) белгиленген шайлоочуларды кабарландыруу жана шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү талаптарына шайкештигин карап чыккан.
“Facebook” социалдык тармагындагы “Adilet Kadyrakunov” аттуу колдонуучунун баракчасында (https://www.facebook.com/adilet.kadyrakunov) жарыяланган фото жана видео материалдарга ылайык № 30 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Бакасов Улан Болотбекович үчүн шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү шарттарын бузган маалымат таратылып жатканы аныкталган.
Жумушчу топтун жыйынында А.К. Кадыракунов № 30 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер У.Б. Бакасовду абдан сыйлай турганын, талапкердин ишмердүүлүгү тууралуу маалыматты өзүнүн баракчасына дайыма жарыялап келгенин, өзүнүн жарыялоолорунда талапкерге добуш берүүгө чакырбаганын белгиледи.
Конституциялык Мыйзамдын 23-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык “шайлоо алдындагы үгүт бардык талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып башталат жана добуш берүү башталганга 24 саат калганда токтойт”.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 83 токтому менен бекитилген 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чаралардын календардык планына ылайык 2025-жылдын 10-ноябры шайлоо алдындагы үгүт башталган күн деп белгиленген.
Конституциялык Мыйзамдын 22-беренесинин 10-бөлүгүнө ылайык тигил же бул талапкер үчүн же болбосо аларга каршы добуш берүүгө чакыруулар, айрым талапкерлерге карата артыкчылык берүү, талапкерлердин шайлануусунун же шайланбай калуусунун ыктымалдуу кесепеттерин баяндап жазуу, талапкерлердин кесиптик ишмердиги же алардын өздөрүнүн кызматтык (кызмат орундук) милдеттерин аткарышы менен байланышпаган ишмердиги жөнүндө маалыматтарды таратуу шайлоо алдындагы үгүт деп таанылат.
Жумушчу топтун 2025-жылдын 19-ноябрындагы № 31 чечими менен Кадыракунов Адилет Кубанычбековичке карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65-беренесинде каралган 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү административдик айып пул түрүндө жоопкерчилик чарасын колдонуу сунушталган.
“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 37 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22, 23-беренелерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65, 451, 455-беренелерине ылайык, Жумушчу топтун 2025-жылдын 19-ноябрындагы № 31 чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыйгарым укуктуу кызмат адамына Кадыракунов Адилет Кубанычбековичке административдик укук бузуу жөнүндө протокол түзүп, 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салуу милдети жүктөлсүн.
2. Кадыракунов Адилет Кубанычбекович Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул чечимге даттануу тартиби жөнүндө кабарландырылсын.
3. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, Шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымат берүү жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун жетекчиси А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага Т. Шайназаров
Бишкек ш., 2025-жылдын 20-ноябры
№ 1364
