7.12.2025 №1522 № 13 көп мандаттуу шайлоо округуна караштуу айрым участкалык шайлоо комиссияларынын төрагаларынын жоопкерчилик маселесин кароо жөнүндө

№ 13 көп мандаттуу шайлоо округуна караштуу айрым участкалык шайлоо комиссияларынын төрагаларынын жоопкерчилик маселесин кароо жөнүндө

 

Келип түшкөн арыздарга байланыштуу, 2025-жылдын 3-декабрындагы текшерүүнүн натыйжасында, 35 шайлоо участогунда байкоочу катары катталган талапкерлердин өкүлдөрү добуш берүү күнү мыйзамсыз түрдө камераларды орнотуп, шайлоочулардын идентификациядан өтүү, бюллетендерди алуу, толтуруу жана автоматтык эсептөөчү урнага салуу учурундагы аракеттерин көзөмөлдөгөнү аныкталды. Бул алардын эркин билдирүүсүнө жана добуш берүүнүн жашыруундуулук принцибине каршы келген.

Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 3-декабрындагы №161 токтому менен №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоонун натыйжасы анык эмес деп таанылды.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 139 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоо комиссияларынын добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүү, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо тартиби жөнүндө жобонун 5-пунктунун 16 жана 19-пунктчаларына ылайык, участкалык шайлоо комиссиясы коопсуздукка коркунуч туулганда же ишмердүүлүгүнө тоскоолдуктар жаралганда ички иштер органдарына кайрылууга укуктуу; ички иштер органдарынын кызматкерлери мындай кайрылууларга токтоосуз түрдө чара көрүүгө милдеттүү. Шайлоо мыйзамдарын бузуу фактылары тиешелүү шайлоо комиссиясынын ыкчам аракеттенүүчү координациялык тобуна дароо билдирилет.

Белгилей кетүүчү нерсе, 1-тиркемеде көрсөтүлгөн шайлоо комиссияларынын төрагалары жогоруда көрсөтүлгөн бузууларга жол беришкен.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин 10-бөлүгүнүн 10-пунктуна ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:

 

  1. Ноокен жана Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссияларына 1-тиркемеге ылайык 35 участкалык шайлоо комиссиясынын төрагаларын курамдан чыгаруу сунушталсын.
  2. Ноокен жана Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссиялары 5 календардык күндүн ичинде 2-тиркемеге ылайык участкалык шайлоо комиссияларынын төрагаларын шайлоону уюштурушсун.
  3. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтында жарыялансын.
  4. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары, Талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси А.С. Жупуевага жүктөлсүн.

 

         Төрага                                                                                                              Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 7-декабры

№ 1522