5.12.2025 №1519 № 3 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер А.А. Шамаевдин өкүлүнүн арызы жөнүндө
№ 3 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер А.А. Шамаевдин өкүлүнүн арызы жөнүндө
2025-жылдын 1-декабрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына №3 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер А.А. Шамаевдин Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясындагы өкүлү Э.Ж. Абдырахмановдон № 3 көп мандаттуу шайлоо округундагы № 5366, № 5367, № 5368, № 5414, № 5416, № 5420 участкалык шайлоо комиссиялары тарабынан жараксыз деп таанылган шайлоо бюллетендерин кайрадан кол менен эсептѳѳ жүргүзүү жѳнүндѳ арыз келип түшкѳн.
Арыз ээси № 3 көп мандаттуу шайлоо округундагы № 5366, № 5367, № 5368, № 5414, № 5416, № 5420 шайлоо участокторунда добуштар автоматтык эсептөөчү урналардан алынгандан кийин кол менен саноо жүргүзүлгөн эмес, бюллетендердеги белгилер жарыяланган эмес, байкоочуларга жараксыз бюллетендер жана протоколдордун көчүрмөлөрү көрсөтүлгөн эмес жана бул фактылар шайлоо мыйзамдары одоно бузулгандыгын күбөлөндүрүп турат деп белгилеген.
№3 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 2-декабрындагы отурумунун №4 протоколунда № 5366, № 5367, № 5368, № 5414, № 5416, № 5420 шайлоо участокторунда добуш берүү аяктагандан кийин Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын талаптарына ылайык автоматтык эсептөөчү урналардагы бюллетендерди кол менен саноо жүргүзүлгөн, ушуга байланыштуу бюллетендерди кайра саноо өтүнүчү негизсиз болуп эсептелет деп көрсөтүлгөн.
2025-жылдын 5-декабрында Кыргыз Республикасында шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун (мындан ары – Жумушчу топ) отуруму болуп, ага берилген материалдарды кароого катышкан тараптар чакырылган жана угулган. Жыйынтыгында Жумушчу топ № 3 көп мандаттуу шайлоо округундагы № 5366, № 5367, № 5368, № 5414, № 5416, № 5420 шайлоо участокторунда Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын бузуунун белгилери айкындалбагандыгына байланыштуу Э.Ж. Абдырахмановдун арызын канааттандыруудан баш тартууну сунуштаган.
“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 36-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:
1. № 3 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер А.А. Шамаевдин Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясындагы өкүлү Э.Ж. Абдырахмановдун арызын канааттандыруудан баш тартылсын.
2. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, Кыргыз Республикасында шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун жетекчиси У.К. Жылкыбаевге жүктөлсүн.
Төрага Т. Шайназаров
Бишкек ш., 2025-жылдын 5-декабры
№ 1519
