18.11.2025 №1340 Сатыбалдиева Мухара Асанбаевнанын № 30 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Мөндүрбаева Ырысбүбү Муканбетовнанын ар-намысына шек келтирген маалыматтарды камтыган жарыялоолорду
Сатыбалдиева Мухара Асанбаевнанын № 30 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Мөндүрбаева Ырысбүбү Муканбетовнанын ар-намысына шек келтирген маалыматтарды камтыган жарыялоолорду тараткандыгы жөнүндө
Шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымат берүү жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топ (мындан ары – Жумушчу топ) 2025-жылдын 17-ноябрындагы отурумда социалдык тармактарга байкоо жүргүзүүнүн жүрүшүндө алынган материалдардын “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында белгиленген шайлоочуларды кабарландыруу жана шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү талаптарына шайкештигин карап чыккан.
2025-жылдын 10-октябрында Мөндүрбаева Ы.М. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына № 30 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин коюу ниети жөнүндө арыз менен кайрылган.
2025-жылдын 15-ноябрында «Facebook» социалдык тармагында “Эрулан Кокулов” аттуу колдонуучунун баракчасында жарыяланган постто (https://www.facebook.com/share/r/1KYFfBsMTu/?mibextid=wwXIfr) “Мухара Сатыбалдиева” аттуу колдонуучу № 30 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Мөндүрбаева Ырысбүбү Муканбетовнанын ар-намысына шек келтирген маалыматтарды камтыган билдирүү калтырган.
Жумушчу топтун жыйынында Сатыбалдиева М.А. түшүндүрмө жарыяланардан бир аз мурдараак Мөндүрбаева Ы.М. менен урушуп кетип, ачуусу менен ошол билдирүүнү жазгандыгы аныкталды.
«Кыргыз Республикасынын Президенттин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 47-беренесине ылайык талапкерлер, саясий партиялар жөнүндө атайылап жалган маалымат тараткан же талапкерлердин ар-намысына шек келтирген башка аракеттерди жасаган адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазык же болбосо башка жоопкерчиликке тартылат.
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 66-беренесине ылайык депутаттыкка же башка шайлануучу кызмат орунга талапкер жөнүндө анын ар-намысына шек келтирген атайылап жалган маалыматтарды таратуу жеке жактарга 125 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
Жумушчу топтун 2025-жылдын 17-ноябрындагы № 27 чечими менен Сатыбалдиева Мухара Асанбаевнага карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 66-беренесинде каралган 125 эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү административдик айып пул түрүндө жоопкерчилик чарасын колдонуу сунушталган.
“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22 47-беренелерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 66, 451, 455-беренелерине ылайык, Жумушчу топтун 2025-жылдын 17-ноябрындагы № 27 чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыйгарым укуктуу кызмат адамына Сатыбалдиева Мухара Асанбаевнага административдик укук бузуу жөнүндө протокол түзүп, 125 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салуу милдети жүктөлсүн.
2. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Сатыбалдиева Мухара Асанбаевна Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул чечимге даттануу тартиби жөнүндө кабарландырылсын.
4. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, Шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымат берүү жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун жетекчиси А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага Т. Шайназаров
Бишкек ш., 2025-жылдын 18-ноябры
№ 1340
