13.11.2025 №1267 Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын Тергөө кызматынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерди жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө өтүнүчүн кароо тууралуу

Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын Тергөө кызматынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерди жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө өтүнүчүн кароо тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 2025-жылдын 12-ноябрында Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынан 2025-жылдын 12-ноябрындагы чыг. № 25/101-1-31-5/8-09240 менен № 17 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Бообеков Бахтияр Таласовичти жазык жоопкерчилигине тартууга, кармоого, камакка алууга же сот тартибинде салынуучу жаза чараларына макулдук берүү жөнүндө өтүнүч келип түшкөн.

Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын Тергөө кызматынын өндүрүшүндө 2025-жылдын 12-ноябрында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинин 2-бөлүгүндө (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) каралган кылмыштын белгилери боюнча козголгон № 03-073-2025-000266 кылмыш иши тергелүүдө.

Катта тергөө иш-аракеттерин жана ыкчам иш-чараларды жүргүзүүнүн жүрүшүндө № 17 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Бообеков Бахтияр Таласовичтин көрсөтүлгөн кылмышты жасоого катышы бар экенин көрсөткөн төгүндөлгүс далилдер топтолгондугу көрсөтүлгөн.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөКыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 21-беренесинин 10-бөлүгүн, 28-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4 жана 8-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:

 

1. № 17 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Бообеков Бахтияр Таласовичти кылмыш жоопкерчилигине тартууга, кармоого, камакка алууга же сот тартибинде салынуучу жаза чараларына макулдук берүү жөнүндөгү Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын өтүнүчү канааттандырылсын.

2. Ушул чечимдин көчүрмөсү Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгына жана № 17 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Бообеков Бахтияр Таласовичтин ыйгарым укуктуу өкүлү Н.А. Айдакеевага жөнөтүлсүн.

3. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары, Талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси А.С. Жупуевага жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                                                             Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 13-ноябры

№ 1267