05.11.2025 №1040 Нурбаев Мирлан Паязидиновичти № 5 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш тартуу жөнүндө
Нурбаев Мирлан Паязидиновичти № 5 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш тартуу жөнүндө
2025-жылдын 30-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Нурбаев Мирлан Паязидиновичтен № 5 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин коюу ниети жөнүндө арыз келип түшкөн.
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин 2025-жылдын 3-ноябрындагы КПҮ № 68 жана 2025-жылдын 5-ноябрындагы № 1 КПҮ маалымкаттарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн натыйжасында 1983-жылдын 30-апрелинде туулган М.П. Нурбаев “Араван Зекет” диний кайрымдуулук фондунун директору жана “Ас-Сафа” диний кайрымдуулук фондунун өкүлү катары көп жылдан бери жигердүү диний ишмердүүлүк менен алектенгендиги аныкталган.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 26-сентябрындагы № 78 токтому бекитилген № 61 формага ылайык диний ишмерлер үчүн чектөөлөрдү сактоо жөнүндө декларацияда М.П. Нурбаев: “Мен диний ишмер эмесмин”, – деп билдирген.
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамнынын 3-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык диний ишмерлер өздөрүнүн диний ишин токтоткондон кийин 5 жыл ичинде Президенттин, Жогорку Кеңештин депутатынын кызмат ордуна шайланууга укуксуз.
Талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ (мындан ары – Жумушчу топ) Нурбаев Мирлан Паязидиновичтин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлерге коюлуучу мыйзамдардын талаптарына ылайык келбестигин аныктап, аны депутаттыкка талапкер кылып каттоодон баш тартууну сунуштаган.
2025-жылдын 5-ноябрында болуп өткөн Жумушчу топтун отурумунда М.П. Нурбаев жеке өзү катышкан.
Жумушчу топтун Нурбаев Мирлан Паязидиновичти № 5 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш тартуу жөнүндө сунушунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3-беренесинин 4-бөлүгүнүн 3-пунктун жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:
- Нурбаев Мирлан Паязидиновичти № 5 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш тартылсын.
- Бул чечим “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
- Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары, Талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси А.С. Жупуевага жүктөлсүн.
Төрага Т. Шайназаров
Бишкек ш., 2025-ж. 5-ноябры
№ 1040
