06.11.2025 №1138 “Тынчтык Фонду” коомдук фондунун коомдук байкоочусун каттоо жөнүндө

“Тынчтык Фонду коомдук фондунун коомдук байкоочусун каттоо жөнүндө

 

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-1-беренесин, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 39 токтому менен бекитилген “Шайлоону жана референдумду өткөрүүдө коомдук байкоочуларды каттоонун тартиби жөнүндө” жобону жетекчиликке алып, ошондой эле “Тынчтык Фонду” коомдук фондунун 2025-жылдын 15-октябрындагы кир. № 17/2196 билдирмесинин негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына келип түшкөн “Тынчтык Фонду” коомдук фондунун 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байкоо жүргүзүү ниети тууралуу билдирмеси эске алынсын.

2. Даникеев Азим Оскенович 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында “Тынчтык Фонду” коомдук фондунан коомдук байкоочу болуп катталсын.

3. Катталган коомдук байкоочуга белгиленген үлгүдөгү ырастама берилсин.

4. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С. Жупуевага жүктөлсүн.

 

 

 Төрага                                                                                                                             Т. Шайназаров

 

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 6-ноябры

№ 1138