06.11.2025 №1134 Исабаев Рузмахаммад Абибилаевичти № 9 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш тартуу жөнүндө
Исабаев Рузмахаммад Абибилаевичти № 9 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш тартуу жөнүндө
2025-жылдын 23-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Исабаев Рузмахаммад Абибилаевичти № 9 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин коюу ниети жөнүндө арыз келип түшкөн.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 2025-жылдын 3-ноябрындагы КПҮ № 8/151 маалыматына ылайык, Исабаев Рузмахаммад Абибилаевич 2015-жылдан 2019-жылга чейин уюшкан кылмыштуу топко, кылмыштуу коомдоштукка (кылмыштуу уюмга), куралдуу топко (бандага) тиешеси бар адам катары алдын алуучу, ыкчам-алдын алуучу каттоодо тургандыгы аныкталган.
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын (мындан ары – конституциялык Мыйзам) 61-беренесинин 11-бөлүгүнө ылайык: эгерде адам уюшкан кылмыштуу топко, кылмыштуу коомдоштукка (кылмыштуу уюмга) же куралдуу топко (бандага) тиешеси бар адам катары алдын алуучу, ыкчам-алдын алуучу каттоодо турса же мурда турган болсо, талапкерди каттоодон баш тартууга негиз болуп саналат.
Талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ (мындан ары – Жумушчу топ) 2025-жылдын 6-ноябрында болуп өткөн отурумуна чакырылган Исабаев Рузмахаммад Абибилаевич онлайн режимде катышкан.
Жумушчу топтун отурумунда Исабаев Рузмахаммад Абибилаевич Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлерге коюлган мыйзамдардын талаптарына ылайык келбестиги белгиленген жана аны депутаттыкка талапкер кылып каттоодон баш тартуу жөнүндө сунушту Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына берүү тууралуу маселе каралган.
Жумушчу топтун 2025-жылдын 6-ноябрындагы Исабаев Рузмахаммад Абибилаевичти № 9 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш тартуу жөнүндө сунушунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесинин 11-бөлүгүн жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:
- Исабаев Рузмахаммад Абибилаевичти №9 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш тартылсын.
- Бул чечим “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
- Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары, Талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси А.С. Жупуевага жүктөлсүн.
Төрага Т. Шайназаров
Бишкек ш., 2025-ж. 6-ноябры
№
