Мамбетаипов Кабылбек Маматжанович
КР БШКнын мүчөсү
Мамбетаипов Кабылбек Маматжанович
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү
1969-жылы 2-январда Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кашка-Терек айылында туулган;
1976-1986-жж. – Ф. Энгельс атындагы орто мектебин ийгиликтүү аяктаган;
1996-жылы Кыргыз агрардык академиясынын Гидромелиорация факультетин ийгиликтүү аяктаган.
2000-жылы – Жалал-Абад мамлекеттик университетинин экономика факультетин бүтүрүп, "бухгалтердик эсеп жана аудит" кесибине ээ болгон.
2024-жылы Кыргыз эл аралык университетинин юридикалык факультетин Юрист кесибине ээ болгон;
Эмгек жолу
1986-1987-жж. – "Сузак" совхозунда жумушчу болуп иштеген;
1987-1989-жж. – Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн;
1989-1990-жж. – Сузак райондук Биофабрикада лаборант;
1990-1993-жж. – Сузак райондук комсомол комитетинде инструктор, райондук Жаштар Союзунун төрагасынын орун басары жана төрагасы болуп иштеген;
1993-1997-жж. – Сузак райондук мамлекеттик администрациясында өзгөчө кырдаалдар жана жарандарды коргоо боюнча инструктор, бөлүм башчысы;
1997-1998-жж. – Райондук калкты социалдык жактан коргоо бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
1998-2000-жж. – Сузак райондук мамлекеттик администрациясында айыл чарбасы боюнча башкы адис;
2000-2001-жж. – Жалал-Абад шаарында "Агрохимсервисцентр" акционердик коомунун төрагасынын орун басары;
2001-2005-жж. – Сузак райондук мамлекеттик администрациясында уюштуруу иштери жана өзүн-өзү башкаруу боюнча башкы адиси, райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси;
2005-2008-жж. – Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары;
2008-2011-жж. – Сузак райондук кеңешинин төрагасы,
2011-2012- жж. – Ишке жайгаштыруу жана миграция министрдин орун басары;
2012-2022-жж. жеке ишкер;
2022-2025-жж. – Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын директору;
1998-2002-жж. – Кыз-Көл айылдык кенешинин депутаты;
2008-2012-жж. – Сузак райондук кеңешинин депутаты;
Ардактуу наамы – “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматына эмгек синирген кызматкер"
Класстык чини – Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы кеңешчиси. Сыйлыктары:
Кыргыз Республикасынын Билим жана илим министрлигинин "Билим профсоюздук каймылынын отличниги"
"Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматынын отличниги"
Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси,
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин "Айыл чарбанын отличниги" төш белгиси,
Кыргыз Республикасынын Илим жана билим министригинин Ардак грамотасы
Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин Ардак грамотасы.
Кыргыз Республикасындагы Афганистан ардагерлер союзунун Ардак грамотасы
Жалал-Абад Областык Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасы.
Сузак райондук кенешинин XVI сессиясынын токтому менен "Сузак районунун ардактуу атуулу" наамы.
Россиялык Афган ардагерлер союзунун жалпы Россиялык коомдук уюмунун "Синирген эмгеги үчүн" медалы.
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба минислигинин "Юбилейлик медалы".
