Гайпкулов Искандер Торобаевич

КР БШКнын мүчөсү

Гайпкулов Искандер Торобаевич

Гайпкулов Искандер Торобаевич

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү

1966-жылы 25-мартта Ош облусунун Араван районунун Жаңы-Арык айылында туулган.

Билими жогорку. 1984-жылы Бишкек финансы-экономика техникумун аяктаган, финансист. 1993-1996-жж. Казак Мамлекеттик башкаруу академиясын (Алматы шаары) экономист адистигин бүтүргөн.

Эмгек жолу:

2021-ж. – Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү;

02/2021-05/2021 – Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү саясаты, экономика жана финансы бөлүмүнүн башчысы;

12.2017-02/2021-жж. – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI-чакырылышынын депутаты;

2015-12/2017-жж. – Борбордук Азиянын «Региондогу саясат институту» мекемесинин Кыргыз Республикасындагы филиалынын директору;

2013-2015-жж. – жеке ишкердик;

03/2011-03/2013-жж. – «РСК Банк» ААКсынын директорлор кеңешинин төрагасы;

05/2007-05/2010-жж. – Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы;

03/2005-05/2007-жж. –Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин III-чакырылышынын депутаты;

03/2002-03/2005 – Чет өлкөлүк инвестициялар боюнча Консультативдик кеңештин катчылыгынын эксперти;

12/1999-02/2002-жж. – Баткен облусунун, Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акими;

08/1999-12/1999 жж – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары;

07/1996-08/1999-жж. – Ош облусу боюнча мамлекеттик салык инспекциясынын начальниги;

11/1993-07/1996-жж. – Араван району боюнча мамлекеттик салык инспекциясынын начальниги;

05/1992-10/1993-жж. – Ош шаары боюнча мамлекеттик салык инспекциясынын бөлүмүнүн начальниги, инспекциянын начальнигинин орун басары;

03/1991-05/1992-жж. – Жалал-Абад облусу боюнча мамлекеттик салык инспекциясынын бөлүмүнүн начальниги;

05/1990-02/1991-жж. – Ош облусу боюнча мамлекеттик салык инспекциясынын башкы инспектору;

12/1986-05/1990-жж. – Ош облустук финансы бөлүмүнүн улук текшерүүчүсү;

11/1984-11/1986-жж. – СССРдин Куралдуу Күчтөрүнүн катарында кызмат өтөгөн;

07/1984-11/1986-жж. – Ош облусунун Араван районунун финансы бөлүмүнүн инспектору.

Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кенешчиси (2005-жыл).

Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасы (1999-жыл) менен сыйланган. Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген экономисти (2009-жыл)