Дубанбаева Анар Сартбаевна
КР БШКнын мүчөсү

Дубанбаева Анар Сартбаевна
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү
1960-жылы 23-октябрда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кайырма-Арык айылында туулган.
1979-1984-жылдары “СССРдин 50 жылдыгы” атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин “Укук таануу” адистиги боюнча бүтүрөн.
Эмгек жолу:
2021-жылдан азыркы учурга чейин – Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү;
2019-2020-ж.ж.. – Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын мүчөсү;
2009-2019-ж.ж.. – "Керемет" ЖЧКсынын юрист-консультанты;
2003-2009-ж.ж.. – Бишкек шаардык сотунун судьясы;
1997-2003-ж.ж.. – Талас облусунун Арбитраждык сотунун судьясы;
1990-1997-ж.ж.. – Ысык-Көл облустук нотариалдык конторасынын нотариусу, улук нотариусу;
1987-1990-ж.ж.. – Ысык-Көл облустук аткаруу комитетинин юстиция бөлүмүнүн консультанты;
1986-ж. - Облустук санитардык-эпидемиялогиялык станциянын юрист- консультанты;
1985-ж. – Ысык-Көл облустук аткаруу комитетинин юстиция бөлүмүнүн консультанты;
1978-1979-ж.ж.. – Фрунзе айнек заводунун айнек идиштерин топтоочу;
1977-ж. – Кайырма-Арык орто мектебинин пионер жетекчиси;