«Кыргыз Республикасынын Президентине шайлоо өткөрүү мезгилинде шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышуучу Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарын Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясын аккредиттөөнүн тартиби жөнүндө» УБАКТЫЛУУ ЖОБО
Кыргыз Республикасынын
шайлоо жана референдум
өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын
2009-жылдын 21-мартындагы
№ 21 токтому менен бекитилген
«Кыргыз Республикасынын Президентине шайлоо өткөрүү мезгилинде шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышуучу Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарын Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясын аккредиттөөнүн тартиби жөнүндө»
УБАКТЫЛУУ ЖОБО
1. Жалпы жоболор
Ушул жобо Кыргыз Республикасынын Президентине шайлоо өткөрүү мезгилинде шайлоо алдындагы үгүттөө иштерине катышуучу жалпыга маалымдоо каражаттарын Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына аккредиттөөнүн тартибин аныктайт.
Кыргыз Республикасында шайлоолор жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин 30-беренесинин 8-пунктуна ылайык, шайлоолорду өткөрүүдө обо убактысынын, басма сөз каражатынын аянтынын өлчөмү жана акы төлөөнүн шарттары жөнүндө маалыматтар телерадиоберүүнүн, мезгилдүү басма сөз каражатынын тийиштүү уюмдары тарабынан шайлоолорду дайындоо жөнүндө расмий чечим кабыл алынгандан кийин календарлык он күндүн ичинде чагылдырылышы жана ошол эле мөөнөттө бардык талапкерлерге, саясый партияларга билдирүү менен Борбордук шайлоо комиссиясына жана шайлоолорду уюштуруучу шайлоо комиссияларына шайлоо алдындагы үгүттөө иштерин жүргүзүү үчүн обо убактысы, басма сөз каражатынын аянты даяр экендигин билдирүү керек.
2. Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарын аккредиттөөнүн шарттары жана тартиби
Кыргыз Республикасында шайлоолор жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин 30-беренесинин 8-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентине шайлоолорду өткөрүү мезгилинде шайлоо алдындагы үгүттөө иштерине катышууну каалаган жалпыга маалымдоо каражаттары 2009-жылдын 31-мартына чейин узатуучу кат менен бирге Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына жарыяланган маалыматтарды бериши керек:
- ЖМКнын аталышы жөнүндө;
- Обо убактысына акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө маалыматтар;
- Басма сөз каражатынын аянтына акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө маалыматтар;
- ЖМКнын жетекчисинин фамилиясы, аты, атасынын аты;
- ЖМКнын координаты жана байланыш маалыматтары.
Көрсөтүлгөн маалыматтар кайсы гана басма сөз каражатында болбосун 2009-жыл¬дын 31-мартына чейин жарыяланышы керек.
2009-жылдын 31-мартынан кийин көрсөтүлгөн маалыматтардын ЖМКларда жарыяланышы Борбордук шайлоо комиссиясына аккредиттелбейт.
2009-жылдын 31-мартынан кийин жарыяланган маалыматтардын Борбордук шай¬лоо комиссиясына аккредиттөөгө берилишине жол берилбейт.
Кыргыз Республикасынын аймагында таралуучу чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарында шайлоо алдындагы үгүттөө иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат.
3. Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарын аккредиттөөнү уюштуруу
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына жалпыга маалымдоо каражаттарын аккредиттөөнү уюштуруу жана өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн, аппаратынын кызматкерлеринин жана тартылган адистердин курамында атайын жумушчу тобу түзүлөт.
Жумушчу тобу өзүнүн ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасында шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексин, «Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы» жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын регламентин, ошондой эле, ушул жобону жетекчиликке алат.
Жумушчу топтун сандык курамы 5 кишиден ашык болбошу керек.
Жумушчу тобунун курамы Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын токтому менен бекитилет.
Жумушчу топтун компетенциясына төмөндөгүлөр кирет:
- ЖМКнын аккредиттелишинин мөөнөттөрү жана эрежелери жөнүндө жалпыга маа¬лымдоо каражаттарынын жетекчилерин жана жамаатын өз учурунда кабарландыруу;
- Шайлоо мыйзамдары боюнча ЖМКга консультациялык көмөк көрсөтүү;
- Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына жалпыга маалымдоо каражаттарын аккредиттөөнү өткөрүү эрежелери жөнүндө маалымдоо;
- шайлануучу кызматка катталган талапкерлерге обо убактысын, басма сөз аянтын берүүнүн даярдыгы жөнүндө билдирүүлөрдү жыйноо жана системалаштыруу, ошондой эле, шайлоо жөнүндө мыйзам тарабынан белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына, Кыргыз Республикасынын мезгилдүү басма сөз басылмаларынын редакцияларына, телерадио-берүүлөргө акы төлөөнүн башка шарттары билдирилет;
- Кыргыз Республикасынын Президентине шайлоолорду өткөрүү мезгилинде обо убактысын, басма сөз аянтын берүүнүн даярдыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына келип түшкөн билдирүүлөрдү жыйында кароону даярдоо, ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын телерадио-берүүлөрүнө жана мезгилдүү басма сөз ба¬сылмаларынын редакцияларына уюмдар тарабынан берилген акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө маалыматтарды даярдоо;
- Кыргыз Республикасынын Президентине шайлоо өткөрүү мезгилинде шайлоо алдындагы үгүттөө иштерине катышууга укугу бар жана Борбордук шайлоо комиссиясында аккредиттелген жалпыга маалымдоо каражаттарынын тизмесин жарыялоо;
- Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына аккредитөө менен байланышкан Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына келип түшкөн маалыматтар, кайрылуулар, арыздар жана башка документтер Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын тапшыруусу боюнча жумушчу топтун жыйындарында каралат;
- Жумушчу топтун жыйынын жумушчу топтун жетекчиси (эгерде ал жок болсо, анын орун басары) зарылчылыгына ылайык өткөрөт. Жумушчу топтун жыйыны коллегиялуу түрдө жүзөгө ашырылат;
- Жумушчу топтун жыйыны, эгерде ага жумушчу топтун мүчөлөрүнүн белгиленген санынан жарымынан ашыгы катышкан учурда жарактуу болуп эсептелет;
- Жумушчу топтун жыйыны анын компетенциясына тийиштүү маселени ачык талкуулоонун негизинде иш жүзүнө ашырылат;
- Жумушчу топтун жыйынына чечүүчү добушка ээ укугу болгон Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү, Жумушчу топтун мүчөлөрү болбогондор, аппараттын жетекчиси, ошондой эле Жумушчу топтун жыйынына материалдарды даярдоого катышкан Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын бөлүм башчылары катышууга жана өз пикирин айтууга укуктуу.

