Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын Коомдук кабылдамасы жөнүндө ЖОБО
Кыргыз Республикасынын Шайлоо
жана референдум өткөрүү боюнча
Борбордук комиссиясынын
2009-жылдын 21-мартындагы
№ 26 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын Коомдук кабылдамасы жөнүндө ЖОБО
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын Коомдук кабылдамасынын максаты жана милдети
2. Коомдук кабылдаманын жооптуу кызматкеринин милдети
3. Коомдук кабылдаманын ишин уюштуруу
4. Коомдук кабылдама тарабынан жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби
Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасындагы шайлоолор жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин жана “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерине ылайык иштелип чыгылган.
Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын Коомдук кабылдамасын түзүүнүн максатын жана милдетин, Коомдук кабылдаманын жооптуу кызматкерлеринин милдеттерин аныктайт.
Коомдук кабылдама Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоолорду даярдоо жана өткөрүү мезгилине карата түзүлгөн.
Нөөмөт милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөлөрү жана аппараттын жооптуу кызматкерлери тарабынан жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын Коомдук кабылдамасынын дареги: Бишкек ш., Раззаков көчөсү-59, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын имараты; Ош ш., Ленин көчөсү-221, Ош облустук мамлекеттик администрациясынын имараты, 1-кабат, №7-бөлмө.
1. Максаттары жана милдеттери:
1.1. Коомдук кабылдаманын максаты Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын ишине байланышкан жарандардын шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча кайрылуулары, каалоолору жана даттануулары менен натыйжалуу жана оперативдүү иштерди уюштуруу болуп саналат.
1.2. Коомдук кабылдаманын милдеттери:
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укугун камсыз кылуу;
- жарандардын кайрылуулары, каалоолору жана даттануулары менен ишти натыйжалуу жана оперативдүү уюштуруу;
- шайлоочуларга, талапкерлерге, алардын ишенимдүү адамдарына жана байкоочуларга; саясый партиялардын өкүлдөрүнө; шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө, шайлоо процессинин катышуучуларына шайлоо мыйзамдары боюнча юридикалык, консультациялык-методикалык жардам көрсөтүү.
2. Жооптуу кызматкердин милдеттери
2.1. Коомдук кабылдаманын жооптуу кызматкерлери:
- Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоолорду уюштуруу жана өткөрүүгө байланышкан арыздар, даттануулар жана сунуштар менен Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылышкан мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн, саясый партияларды, шайлоочулардын чогулуштарын жана жарандарды кабыл алууну жүргүзөт;
- журналга жарандардын арыз, кайрылуусун жана даттанууларын каттайт;
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын Төрагасына нөөмөт милдетинин жыйынтыктары жөнүндө маалымдайт.
2.2. Жооптуу кызматкерлер өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасындагы шайлоолор жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексин, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын Регламентин, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Коомдук кабылдаманын ишин уюштуруу
3.1. Нөөмөт үчүн жооптуулардын курамы жана графиги Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын Төрагасынын буйругу менен бекитилет.
3.2. Коомдук кабылдаманын нөөмөт милдетин уюштурууну Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси тарабынан камсыз кылынат.
4. Коомдук кабылдама тарабынан жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби
4.1. Жарандын арызы, даттануусу негиздүү болууга тийиш. Зарыл болгон учурда аларга жарандын келтирген жүйөөлөрүн далилдеген документтер тиркелет. Жаран Коомдук кабылдамага кайрылганда анын ким экендигин тастыктаган документти көрсөтөт.
4.2. Жарандардын кайрылууларын Коомдук кабылдамада кабыл алуу ушу Жободо белгиленген күндөрдө жана сааттарда жүргүзүлөт.
4.3. Эгерде кайрылууда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын компетенциясына кирбеген маселелер камтылган учурларда, жаранга ал кайда жана кандай тартипте кимге кайрылууга тийиш экендиги түшүндүрүлөт.
4.4. Эгерде жарандын кайрылуусунда атайын иликтөөнү жана убактылуу кыйла чыгымдарды талап кылбаган маселелер камтылса Коомдук кабылдаманын жооптуу кызматкерлери аларга өз алдынча жооп берүүгө укуктуу.
4.5. Ушул бөлүкчө менен жөнгө салынбаган маселелер Кыргыз Республикасындагы шайлоолор жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексине, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыларына ылайык чечилет.

