Бүгүн 31.07.2010 - жыл

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди колдогон кол коюу баракчаларында камтылган шайлоочулардын кол тамгаларынын жана аларга тиешелүү маалыматтарды кабыл алуу жана аныктыгын текшерүү боюнча облустук, Бишкек жана Ош шаардык шайлоо комиссияларынын Жумушчу топтору (чакан жумушчу топтор) жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди колдогон кол коюу баракчаларында камтылган шайлоочулардын кол тамгаларынын жана аларга
тиешелүү маалыматтарды кабыл алуу жана аныктыгын текшерүү боюнча облустук, Бишкек жана Ош шаардык шайлоо комиссияларынын Жумушчу топтору
(чакан жумушчу топтор) жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө

ТОКТОМ

Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1-пунктунун 3-пунктчасын, 62-статьясын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди колдогон кол коюу баракчаларында камтылган шайлоочулардын кол тамгаларынын жана аларга тиешелүү маалыматтарды кабыл алуу жана аныктыгын текшерүү боюнча облустук, Бишкек жана Ош шаардык шайлоо комиссияларынын Жумушчу топтору (чакан жумушчу топтор) жөнүндөгү Жобо бекитилсин (тиркелет).
2. Облустук, Бишкек жана Ош шаардык шайлоо комиссиялары Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди колдогон кол коюу баракчаларында камтылган шайлоочулардын кол тамгаларынын жана аларга тиешелүү маалыматтарды кабыл алуу жана аныктыгын текшерүү процессинде ошол Жобого таянышсын.
3. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер үчүн эскертмеге киргизилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышына Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын аппарат жетекчиси К. Базарбаев көзөмөлдүк жүргүзсүн.

ТӨРАГА Д. ЛИСОВСКИЙ

Бишкек шаары, 2009-жылдын 21-марты
№ 17