Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер жана алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына тапшырылган шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топ жөнүндө ЖОБО
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана
референдумдарды өткөрүү боюнча
Борбордук шайлоо комиссиясынын
2009-жылдын 21-мартындагы
№19-токтому менен бекителген
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна
талапкерлер жана алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына тапшырылган шайлоо документтерин кабыл алуу
жана текшерүү боюнча Жумушчу топ жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
II. Жумушчу топтун милдеттери
III. Жумушчу топтун курамы жана ишин уюштуруу
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер жана алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына тапшырылган шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топ (мындан ары - Жумушчу топ) Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилине карата курамында жетекчиси, жетекчинин орун басары, катчысы жана эки мүчөсү болуп түзүлөт.
2. Жумушчу топ өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексин, башка мыйзамдарды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын ченемдик актыларын, ушул Жобону жана Борбордук шайлоо комиссиясынын Төрагасынын буйруктарын жетекчиликке алат.
3. Жумушчу топ иштин натыйжалары боюнча жыйынтык протоколдордун, отчеттордун, маалымкаттардын, башка документтердин негизинде Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн, ишенимдүү адамдарын каттоо же аларды каттоодон баш тартуу жөнүндө жана Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинде каралган башка маселелер боюнча токтомдун долбоорун даярдайт жана Борбордук шайлоо комиссиясынын кароосуна киргизет.
4. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун натыйжалары расмий жарыяланган күндөн баштап бир айдын ичинде Жумушчу топтун документтери белгиленген тартипте Борбордук шайлоо комиссиясынын архивине өткөрүлүп берилет.
II. Жумушчу топтун милдеттери
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди, талапкерлердин өкүлдөрүн Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырылган шайлоо документтеринин Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин талаптарына ылайык келишин текшерүү Жумушчу топтун милдети болуп саналат.
Бул милдетти аткаруу үчүн Жумушчу топ төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо үчүн документтерди кабыл алат жана каттоо күбөлүктөрүн даярдайт;
- шайлоо документтерин кабыл алат, бардык шайлоо документтеринин болушун, саясый партиялар жана өзүн-өзү көрсөткөн Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер жөнүндө маалыматтардын аныктыгын текшерет;
- ыйгарым укуктуу өкүлдөрдөн Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди колдогон жана тийиштүү облустук, Бишкек жана Ош шаардык шайлоо комиссияларында колтамгалардын, шайлоочулар жөнүндө маалыматтардын аныктыгы текшерүүдөн өткөн шайлоочулардын колдору бар кол коюу барактарын кабыл алат. Муну менен бирге Жумушчу топ тапшырылган колтамгалардын бардыгын, же капилет тандоо (чүчүкулак) аркылуу текшерүү үчүн тандалган колтамгалардын бир бөлүгүн кайра текшерүүгө акылуу;
- шайлоо мыйзамдары менен белгиленген шайлоо документтериндеги маалыматтардын аныктыгын текшерүүнүн натыйжасы боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди каттоо же каттоодон жүйөлүү баш тартуу жөнүндө чечимди кароону жана кабыл алууну даярдайт;
- муну менен бирге эгерде, шайлоо комиссиясы талапкердин документтеринде же талапкерлердин тизмесинде ылайык келбөөчүлүктөрдү тапса жана ал ошол талапкерди же талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн тоскоолдук болуп эсептелсе, шайлоо комиссиясы документтерди кабыл алгандан кийин 24 сааттын ичинде бул ылайык келбөөчүлүктөр жөнүндө талапкерди же саясый партияны кабарландырууга милдеттүү. Талапкер же саясый партия кабарландырууну алган учурдан тартып 48 сааттын ичинде зарыл болгон өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана оңдолгон документтерди тийиштүү шайлоо комиссиясына берүүгө укуктуу.
- Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди каттоодо документтерин алуудан баш тартуу жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиянын токтомуна даттануулар зарыл болгон учурларда тиешелүү материалдарды даярдайт;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин ишенимдүү адамдарын каттоо үчүн документтерди кабыл алат жана алар үчүн күбөлүктөрдү даярдайт;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер тарабынан Борбордук шайлоо комиссиясынын кеңеш берүү добуш укугу бар мүчөлөрүн дайындоого берген документтерин кабыл алат жана алар үчүн күбөлүктөрдү даярдайт;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер жана алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо этабында Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырган бардык шайлоо документтерин белгиленген тартипте жана мыйзамда белгиленген мөөнөттө даярдайт жана Борбордук шайлоо комиссиясынын архивине өткөрүп берет.
III. Жумушчу топтун курамы жана ишин уюштуруу
1. Жумушчу топтун курамына төмөнкүлөр кирет:
- Жумушчу топтун жетекчиси;
- Жумушчу топтун жетекчисинин орунбасары;
- Жумушчу топтун катчысы;
- Жумушчу топтун мүчөлөрү.
Жумушчу топтун мүчөлөрү төмөнкүдөй эки чакан топко бөлүнөт:
- шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча чакан топ, ал Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо, саясый партиялар, өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди каттоо, ишенимдүү адамдарды каттоо жана Борбордук шайлоо комиссиясынын кеңеш берүү добуш укугу бар мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө чечимдерди кабыл алуу максатында Борбордук шайлоо комиссиясы карап чыгышы үчүн материалдарды даярдоону камсыз кылат;
- кол коюу барактарындагы колтамгаларды жана маалыматтарды кабыл алуу жана текшерүү боюнча чакан топ, ал Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдоп кол коюу барактарында камтылган колтамгалардын жана маалыматтардын аныктыгын текшерүүнү камсыз кылат.
2. Жумушчу топтун жетекчиси, анын орунбасары жана катчысы Борбордук шайлоо комиссиясынын чечүүчү добуш укугу бар мүчөлөрүнүн ичинен, ал эми комиссиянын мүчөлөрү БШКнын аппаратынын кызматкерлеринин ичинен Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын токтому менен дайындалат.
3. Чакан топтордун курамы жана алардын жетекчилери Жумушчу топтун жетекчисинин сунушу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын буйругу менен бекитилет.
4. Жумушчу топтФ
8. Жумушчу топтун жетекчисинин уруксаты менен Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге жана алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө алардын өтүнүчү боюнча кол коюу барактарын текшерүүнүн жүрүшү жөнүндө оперативдүү маалымат берилет. Мында жогоруда көрсөтүлгөн адамдар кол коюу барактарын текшерүүнүн технологиялык процессине кийлигишүүгө, Жумушчу топтун мүчөлөрү өз милдеттерин аткарууда аларга каршы аракеттенүүгө укуксуз.
9. Чакан топтордогу иштерди уюштуруу чакан топтордун жетекчилери тарабынан Жумушчу топтун жетекчиси же жетекчисинин орунбасары менен макулдашуу боюнча аныкталат.
10. Жумушчу топтун жетекчисинин жана анын орунбасарынын оозеки жана жазуу жүзүндөгү көрсөтмөлөрүн Жумушчу топтун мүчөлөрү, анын ичинде келишимдик негизде тартылган штаттан тышкаркы адистер милдеттүү түрдө аткарууга тийиш.
Которгон: Суюмбаев А.К.

