Бүгүн 11.03.2010 - жыл

26.06.2009

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышы болуп өттү, анда күн тартибине эки маселе коюлду.
“Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Алмазбек Атамбаевдин мыйзамга каршы үгүт ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча чаралар жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Алмазбек Атамбаевдин ыйгарым укуктуу өкүлү – А.Акматованын арызын кароо жөнүндө” билдирүү менен маалыматтык талаштар жана шайлоону маалыматтык камсыз кылуунун башка маселелери боюнча Жумушчу топтун жетекчисинин орун басары КР БШКнын мүчөсү Л.Шерешкова чыгып сүйлөдү.
Талкууланган бардык маселелер боюнча тийиштүү токтом кабыл алынды.

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы.