Бүгүн 11.03.2010 - жыл

26.06.2009

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышы болуп өттү жана анда үч маселе каралды.
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.Ш.Атамбаевдин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Т.Д.Уметалиеванын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө биринчи жана экинчи маселелер боюнча КР Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчисинин орун басары Ж.С.Алымбекова чыгып сүйлөдү.
2009-жылдын 23-июлунда Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо эл аралык байкоочуларды аккредиттештирүү жөнүндө үчүнчү маселе боюнча КР Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Б.Н.Назарова чыгып сүйлөдү.
Каралган маселелер боюнча тиешелүү токтомдор кабыл алынды.

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы

Тел: 62-62-87, 62-62-85

www.shailoo.gov.kg