Бүгүн Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын кезектеги жыйналышынын күн тартибине үч маселе коюлду.
Биринчи маселе боюнча “2009-жылдын 23-июлунда Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого эл аралык байкоочуларды аккредиттештирүү жөнүндө” БШКнын мүчөсү, эл аралык байкоочулар боюнча жумушчу топтун жетекчиси К. Маматкеримов маалымат берди. Анын айтымы боюнча эл аралык байкоочулар катары аккредиттештирүүгө жумушчу топко 80 арыз келип түшкөн, тактап айтканда, “Евразия изилдөө институту” өнүктүрүү фондунун коммерциялык эмес Армян филиалынан - 3, Шайлоого байкоо жүргүзүү боюнча уюмдардын Европа тармагынан (ENEMO) - 32, ЕККУ / ДИАУБ миссиясынан - 5, ЕККУнун Бишкектеги Борборунан - 4, ЕККУнун Парламенттик Ассамблеясынан - 29, КМШ миссиясынан - 1, КМШнын Парламенттер аралык Ассамблеясынан - 2, Корея Республикасынан - 3, Азия жана Африка элдеринин ынтымакташтык жана кызматташтык коомунун Россиядагы өкүлчүлүгүнөн (РОССНАА) - 1 адам аккредиттештирүүгө кайрылышкан.
Экинчи жана үчүнчү маселелер боюнча - “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.Ш. Атамбаевдин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө”, жана “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ж.Б.Назаралиевдин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө” шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси, КР БШКнын мүчөсү Т.С. Султакеев чыгып сүйлөдү.
Талкууланган маселелер боюнча тиешелүү токтом кабыл алынды.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Тел.: 62 62 87, 62 62 85 www.shailoo.gov.kg

