Бүгүн 31.07.2010 - жыл

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын кезектеги жыйналышынын күн тартибине алты маселе коюлду.
“2009-жылдын 23-июлунда Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого эл аралык байкоочуларды аккредиттештирүү жөнүндө” маселе боюнча БШКнын мүчөсү, эл аралык байкоочулар боюнча жумушчу топтун жетекчиси К. Маматкеримов маалымат берди. Анын айтымы боюнча эл аралык байкоочулар катары аккредиттештирүүгө жумушчу топко 37 арыз келип түшкөн, тактап айтканда, ЕККУ / ДИАУБ миссиясынан – 18, Шайлоо системасынын эл аралык фондунун Кыргыз Республикасындагы миссиясынан – 6, Улуттук демократиялык институттан (NDI) – 6, Монголиянын Казахстан Республикасындагы Элчилигинен жана Кыргыз Республикасындагы Элчилигинен - 1, Кытай Эл Республикасынан – 6 адам аккредиттештирүүгө кайрылышкан.
Экинчи, үчүнчү жана төртүнчү маселелер боюнча – “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.Ш. Атамбаевдин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.Ш. Атамбаевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.Ш. Атамбаевдин кеңеш берүү добуш укугу бар Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсүн каттоо жөнүндө” шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси, КР БШКнын мүчөсү Т.С. Султакеев чыгып сүйлөдү.
Алтынчы маселе – “Талапкерлердин шайлоо фонддорунун акча каражаттарынын келип түшүшү жана чыгымдалышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын көзөмөлдөө-текшерүү тобунун маалыматы тууралу” көзөмөлдөө-текшерүү тобунун жетекчиси, КР БШКнын мүчөсү Ч.И. Исмалов маалымат берди.
Талкууланган маселелер боюнча тиешелүү токтом кабыл алынды.

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Тел.: 62 62 87, 62 62 85

www.shailoo.gov.kg