Бүгүн КР Борбордук шайлоо комиссиясынын конференц-залында Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын, Башкы прокуратуранын жана билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилери менен жумушчу чогулушу болуп өттү.
2009-жылдын 23-июлуна дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого карата даярдыктардын жүрүшү жөнүндө маалымат менен КР Боршайлоокомунун төрагасы Д.В.Лисовский чыгып сүйлөдү. “Учурдагы шайлоо өнөктүгү жалпы коомчулук үчүн, ошондой эле шайлоо комиссияларынын бүткүл системасы үчүн жетилүүгө сыноо болуп калат- деп, белгиледи ал. Биздин алдыбызда шайлоо эркин жана адилет болорлугун далилдөө турат жана мурдагы шайлоолордогу белгиленген кемчиликтерди оңдоо үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр жасалды”.
Андан соң БШКнын төрагасы Календардык планга ылайык өткөрүлгөн иш-чаралардын комплекси жөнүндө билдирди. Анын ичинде Бишкек жана Ош шаарларындагы Коомдук кабылдамалардын иштери тууралуу, атайын түзүлгөн 9 Жумушчу топтордун жана комиссиялардын ишмердиги жөнүндө, ошондой эле өз учурунда түзүлгөн райондук, шаардык комиссиялары, 2330 участкалык шайлоо комиссиялары (анын ичинен 49 – дүйнөнүн 23 өлкөсүнүн аймагында) жөнүндө сөз болду. Андан тышкары мыйзамга ылайык УШКнын мүчөлөрүнүн курамына 23 саясый партиянын өкүлдөрү киргендиги белгиленди. “Бардык шайлоо комиссиялары зарыл болгон жабдуулар жана шайлоо документтер менен толук камсыз болду. 8 коргоо даражасы бар 2 872 181 шайлоо бюллетендери даярдалды жана республиканын бардык аймактарына жеткирилди. Азыркы учурда бардык РШК, ШШК жана УШК аткаруу бийлигинин жергиликтүү органдарынын жетекчилери тарабынан кол коюлган шайлоочулардын тизмеси менен камсыз болушту. Бүгүнкү күнгө карата маалымат боюнча шайлоочулардын жалпы саны 2 718 818 адамды түздү. Участкалык шайлоо комиссиялары шайлоочулардын тизмесин тактоо боюнча иш жүргүзүп жатат” деп тастыктаты.
Андан ары ал чогулуштун катышуучуларынын көңүлүн КР Конституциясынын жана мыйзамдарынын талаптарын бекем сактоону камсыз кылуунун зарылдыгына басым жасады. “Шайлоо жөнүндө Кодекске ылайык шайлоо күнү жана анын алдын күнү соттор, прократура органдары, ички иштер органдары, ошондой эле турак-жай фондун пайдалануу боюнча уюмдар үчүн жумушчу күн болуп эсептелет- деп эскертти КР БШКнын төрагасы, - Бул структуралар шайлоо комиссиялары талап кылган жардамдарды берүүгө милдеттүү. Анын ичинде шайлоо участкасынын аймагында добуш берүүнү өткөрүү учурунда коомдук тартипти камсыз кылуу боюнча, ошондой эле добуш берүүчү жайда коомдук тартипти бузуулар болгон учурда, участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасынын чакыруусу боюнча; шайлоочулардын тизмесин тактоо боюнча; шайлоо комиссияларынын ишмердигинде добуш берүү күнүндө пайда болуучу башка маселелер боюнча”.
“Албетте, пикир келишпестиктер, даттануулар, доо арыздар – бардык өлкөлөрдөгү шайлоону коштоп жүрүүчү, четтеп кетүү мүмкүн болбогон процесс, деп белгиледи Д.Лисовский. Шайлоо процессиндеги карама-каршылыксыз баарынан мурда шайлоодо атаандаштыктын жана сынашуучулуктун жоктугун айгинелеп турат. Шайлоо учурундагы карама-каршылыктар демократиялык өнүккөн мамлекеттерде да байкалат. Бирок, ар бир демократиялык өлкө мыйзамдарды өркүндөтүүгө жана аны аткаруу боюнча чараларды жүзөгө ашырууга аракеттенет”. Айкын болушу үчүн оратор шайлоочулардын, талапкерлердин, саясый партиялардын, коммерциялык эмес уюмдардын кайрылууларына, алардын өкүлдөрүнүн жана байкоочуларынын арыз жана даттануулары менен мамлекеттик жана башка органдардын, алардын кызмат адамдарынын аракетине (аракетсиздигине), шайлоо процессинин башка катышуучуларына, ошондой эле прокуратура органдарына, ички иштер органдарына же сотко даттануу процедурасына тиешелүү 55-берененин жобосун мисалга тартты.
“Соттор, прокуратура жана ички иштер органдары өздөрүнүн иштерин даттанууларды өз учурунда кароону камсыз кылуу үчүн уюштурууга милдеттүү” деп белгиледи КР Боршайлоокомунун төрагасы.
Чогулуштун жүрүшүндө бир катар актуалдуу маселелер каралды, анын ичинде шайлоо мезгилинде жана добуш берүү процедурасынын жүрүшүндө, шайлоо алдындагы процессте укук коргоо органдарынын алдында турган милдеттер талкууланды.
Жумушчу чогулушту жыйынтыктап жатып КР БШКнын төрагасы анын катышуучуларын жана алардын атынан укук коргоо органдарынын, прокуратура жана сот корпусунун бардык кызматкерлерин мыйзамдарды бузбастан укуктук чектин алкагында гана бекем аракеттенүүгө чакырды. Сөзүнүн акырында Д.Лисовский “Шайлоо максималдуу ачык, адилет жана айкын өтөт” деп айтты.
Пресс-служба Центральной избирательной комиссии
Кыргызской Республики
Тел: 62-62-87, 62-62-85;

