Бүгүн Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын кезектеги жыйналышы болуп өттү, күн тартибине эки маселе коюлду.
“2009-жылдын 23-июлунда Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого эл аралык байкоочуларды аккредиттештирүү жөнүндө” маселе боюнча БШКнын мүчөсү, эл аралык байкоочулар боюнча жумушчу топтун жетекчиси К. Маматкеримов маалымат берди.
Ал жумушчу топко эл аралык байкоочуларды аккредиттештирүү боюнча 206 арыз - Көз Карандысыз Мамлекеттерге катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынан – 3, Беларусь Республикасынын Улуттук жыйынынын Өкүлдөр палатасынан – 1, ШКУнун байкоочулар миссиясынан – 3, Улуу Британиянын Астана шаарындагы Элчилигинен – 3, ЕККУ / ДИАУБ миссиясынан – 186, “Евразия изилдөө институту” Өнүктүрүү фондунун Россиялык коммерциялык эмес уюмунун Тажикистан Республикасындагы өкүлчүлүгүнөн – 3, “Евразия изилдөө институту” Өнүктүрүү фондунун Россиялык коммерциялык эмес уюмунун Азербайжан Республикасындагы өкүлчүлүгүнөн – 3, Эл аралык Республикалык (IRI) институтунан – 4 адамды эл аралык байкоочулардын өкүлдөрү катары (бардыгы 206 өкүлдүн тизмеси тиркелет) аккредиттештирүү жөнүндө арыздар келип түшкөндүгүн маалымдады.
Экинчи маселе – “Кыргыз Республикасынын Омбудсменинин (Акыйкатчы) алдындагы жаштардын жана студенттердин укуктарын коргоо боюнча Кеңештин катын кароо жөнүндө” жумушчу топтун жетекчиси, КР БШКнын мүчөсү С. Бөрүбаев чыгып сүйлөдү.
Талкууланган маселелер боюнча тиешелүү токтом кабыл алынды.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Тел.: 62 62 87, 62 62 85

