Бүгүн 31.07.2010 - жыл

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын төрагасы Д.В. Лисовскийдин Европа Кеңешинин үчилтигинин делегациясы менен жолугушуусу

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Д. Лисовский Европа Кеңешинин үчилтигинин делегациясын кабыл алды. Делегациянын курамында Швециянын Тышкы иштер министрлигинин башкы директору Ян Ниберг; Швециянын Казахстан Республикасындагы, Кыргыз Республикасындагы жана Тажик Республикасындагы Элчиси Ханс Олссон; Германия Федеративдик Республикасынын Элчиси, ЕКунун жергиликтүү төрагалык кылуучусу Хольгер Грэн; Испаниянын Казахстан Республикасындагы, Кыргыз Республикасындагы жана Тажик Республикасындагы Элчиси, келечекте ЕКуга төрагалык кылуучу (2010-жылдын биринчи жарым жылдыгында) Альберто Антон Кортес; ЕКунун Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү, Элчи Пьер Морель; Элчи Морелдин саясый кеңешчиси Татьяна Левчева; ЕКунун катчылыгынын Чыгыш Европа жана Борбордук Азия бөлүмүнүн референти Байба Алексеюка; Европа Комиссиясынын тышкы байланыштар башкармалыгынын Борбордук Азия бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Томас Фреллезен; Европа Комиссиясынын Казахстан Республикасындагы, Кыргыз Республикасындагы жана Тажик Республикасындагы Элчиси Норберт Жюстен болушту.
Чогулушу учурунда КР БШКнын башчысы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого карата даярдыктардын негизги этаптары жөнүндө кеңири маалымат берди. Атап айтканда, 22 талапкердин ичинен бүгүнкү күндө өлкөбүздүн башкы кызмат ордуна 6 талапкер катталгандыгы, калган 16 талапкердин президенттик жарыштан чыгып калууларынын так себептери тууралу сөз болду.
Андай кийин Д. Лисовский шайлоо алдында үгүт жүргүзүү процесси 18-июндан тартып башталгандыгын жана ал 2009-жылдын 22-июлунда таң эртең менен аяктаары тууралу билдирди. Борбордук шайлоо комиссиясынын саясый партиялар, жарандык сектордун өкүлдөрү, ошондой эле ЕККУ жана башка эл аралык, коммерциялык эмес уюмдар менен өнөктөштүк боюнча жандуу иш-аракеттер жүрүп жаткандыгын айтып берди.
Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы чогулушуунун катышуучуларынын көңүлүн чакыруу жана аккредиттештирүү шарттарына, эл аралык байкоочулардын ыйгарым укуктары менен статусуна бурду. “Бүгүнкү күндө 193 өлкөнүн байкоочуларына, анын ичинде – ЕККУ / ДИАУБдун, КМШнын Парламенттер Аралык Ассамблеясынын, ЕККнын Парламенттер Аралык Ассамблеясынын, Россия Федерация Кеңешинин, ШКУнун катчылыгынын, АКШнын Элчилигинин, КМШнын миссияларынын, Россия жана Казахстандын Борборшайлоокомдорунун, Россия Федерациясынын Кыргызстандагы Элчилигинин, Казахстандын Кыргызстандагы Элчилигинин, Азербайжан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин, Корея Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Тажикистан Республикасынын, ошондой эле Шайлоо укугунун Россия коомдук институтунун өкүлдөрүнө күбөлүктөр тапшырылды”, - деди Д. Лисовский.
Өз кезегинде, чет өлкөлүк меймандар Швециянын Борбордук Азия жана Кыргызстан боюнча төрагалык кылуусунун артыкчылыктары жана иш-аракети жөнүндө маселелерди козгошту.
Бүтүндөй алганда, биздин Борборшайлоокомдун 2009-жылдагы шайлоо өнөктүгүнүн алкагында жүргүзүп жаткан иш чараларынын маанилүү экендиги белгиленди.
Жолугушуунун аягында Д. Лисовский меймандарга БШК тарабынан даярдалып жана республиканын бардык аймактарына жөнөтүлгөн маалыматтык-сурап билүү жана методикалык материалдардын комплектин тапшырды.

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Тел.: 62 62 87, 62 62 85

www.shailoo.gov.kg