Бүгүн 31.07.2010 - жыл

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын кезектеги жыйналышы болуп өттү, күн тартибине төрт маселе коюлду.
Биринчи маселе боюнча – “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А. Атамбаевдин ыйгарым укуктуу адамын каттоо жөнүндө” жана экинчи маселе боюнча – “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А. Атамбаевдин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө” БШКнын мүчөсү, документтерди кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Т.С. Султакеев билдирүү жасады.
Үчүнчү маселе боюнча “Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Элчилигинин алдында (Пекин ш.) уюштурулган участкалык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” уюштуруу-укуктук бөлүмдүн башчысы А.М. Молдалиев маалымат берди.
Төртүнчү маселе боюнча – “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А. Атамбаевдин ыйгарым укуктуу адамы А. Акматовдун арызы жөнүндө” БШКнын мүчөсү, маалыматтык талаш-тартыштар боюнча жумушчу топтун жетекчисинин орун басары Л.Г. Шерешкова билдирүү жасады.

Талкууланган бардык маселелер боюнча тиешелүү токтом кабыл алынды.

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Тел.: 62 62 87, 62 62 85

www.shailoo.gov.kg