2009-жылдын 3-июлунда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын кезектеги жыйналышы болуп өттү, күн тартибинде үч маселе каралды.
Биринчи маселе боюнча – “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А. Атамбаевдин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө” БШКнын мүчөсү, документтерди кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчисинин орун басары Ж.С. Алымбекова билдирүү жасады.
“2009-жылдын 23-июлунда Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого эл аралык байкоочуларды аккредиттештирүү жөнүндө” деп аталган маселе боюнча БШКнын мүчөсү, эл аралык байкоочулар боюнча жумушчу топтун жетекчиси К.М. Маматкеримов чыгып сүйлөдү.
Үчүнчү маселе боюнча – “Катталган талапкерлер жөнүндө маалыматтык плакаттын мазмунун жана нускасын бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын БШКсынын 2009-жылдын 1-июлундагы № 178-токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” БШКнын мүчөсү, маалыматтык талаш-тартыштар боюнча жумушчу топтун жетекчиси С.Н. Бөрүбаев маалымат берди.
Талкууланган бардык маселелер боюнча тиешелүү токтом кабыл алынды.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Тел.: 62 62 87, 62 62 85

