02.07.09
2009-жылдын 2-июлунда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышында беш маселе каралды. Биринчи эки маселе боюнча – “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер К.С. Бакиевдин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А. Атамбаевдин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө” БШКнын мүчөсү, документтерди кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Т.С. Султакеев билдирүү жасады. “2009-жылдын 23-июлунда Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча шайлоо бюллетендерин даярдоо жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча шайлоо бюллетендерин даярдоонун жана төмөн турган шайлоо комиссияларына өткөрүп берүүнүн тартибин, шайлоо бюллетендерин басып чыгаруу жана даярдоонун технологиялык процесси мезгилинде “Учкун” ААКсынын офсеттик цехинин иштөөсүнүн өзгөчө режимин бекитүү жөнүндө” уюштуруу-укуктук бөлүмдүн башчысы А. Молдалиев маалымат менен чыгып сүйлөдү. А. Молдалиев ошондой эле бешинчи маселе боюнча – “Баткен облустук шайлоо комиссиясынын курамы жөнүндө” баяндама жасады. Талкууланган бардык маселелер боюнча тиешелүү токтом кабыл алынды.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы Тел.: 62 62 87, 62 62 85

