Бүгүн 31.07.2010 - жыл

07.07.09

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын кезектеги жыйналышы болуп өттү, күн тартибине алты маселе коюлду.
Биринчи маселе боюнча – “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А. Атамбаевдин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө” БШКнын мүчөсү, жумушчу топтун жетекчиси Т.С. Султакеев чыгып сүйлөдү.
Экинчи маселе боюнча – “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттыкка талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө”, ошондой эле үчүнчү маселе боюнча – “Ош шаардык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” жана төртүнчү маселе боюнча – “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын саясый партияларга жана шайлоочулардын чогулуштарына кайрылуусу жөнүндө” КР БШКнын төрагасынын кеңешчиси Б.С. Исаков билдирүү жасады.
Ал экинчи маселе боюнча “Кыргызстан коммунистер партиясы” саясый партиясынын өкүлдөрү Н.К. Дүйшөнбиев жана И.Д. Айтмамбетов Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жөнүндө жазуу жүзүндө кайрылгандыгы тууралуу маалымдады.
Бешинчи маселе боюнча “2009-жылдын 23-июлунда Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого эл аралык байкоочуларды аккредиттештирүү жөнүндө” КР БШКнын мүчөсү, жумушчу топтун жетекчиси К.М. Маматкеримов маалымат берди.
Андан ары ал КР БШКга Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин миссиясынан эл аралык байкоочу катары каттоо жөнүндө 82 өкүл арыз бергендигин айтты.
“А.Д. Азыранкулованын арызын кароо жөнүндө” алтынчы маселе боюнча КР БШКнын мүчөсү А.А. Елисеев чыгып сүйлөдү.
Талкууланган бардык маселелер боюнча тиешелүү токтом кабыл алынды.

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Тел.: 62 62 87, 62 62 85

www.shailoo.gov.kg